МАРАФОНДУК ЧУРКОО: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:32 учурдагы нуска
МАРАФОНДУК ЧУРКОО, марафондук ж а р ы ш - Олимпиялык оюндарда ж. б. атайын спорт мелдештеринде өтө узун - 42 км 195 м аралыкка чуркоо. Аталышы менен аралыгы перстер менен гректердин согушунда (биздин заманга чейинки 490-жылы) гректердин жеңиши жөнүндөгү кабарды Марафондон Афиныга (42 км 195 лг) жөө чуркап жеткирген байыркы грек жоокери Фидипид жөнүндөгү уламышка байланышкан. М. ч. 1-0лимпиялык оюндардын (1896, Афины) программасына киргизилген. 22-Олимпиялык оюндарда (1980, Москва) М. ч. боюнча кыргыз спортчусу С. Жуманазаров 3-орунду ээлеген.