МАҢКА КАЗ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:32 учурдагы нуска

МАҢКА КАЗ (Еи1аЬе1а шсИса), тоо казы­каз сымалдар тукумчасындагы куш. Салмагы 2- 3,2 кг, түсү агыш боз, башы ак. Кыргызстандын ай­магында Соң-Көл, Чатыр-Көл, Сары­Жаз, Ала-Белде, Нарын дарыясынын баш жагында жана Ка­закстандын Зай­сан ойдунунда жа­шайт. Бийик тоо­догу көлдөрдө эрте жазда уя салат. 4-10 жумуртка

тууйт. Балапандары уяда 1-2 күндөн кийин эне­син ээрчип кетет. Өсүмдүк жалбырагы жана уру­гу, балырлар жана омурткасыз суу жаныбар­лары менен азыктанат. М. к-дын саны жылдан жылга азаюуда. Бул түрдү коргоо максатында Сон-Көл жана Чатыр-Көл коругу уюшулган. М. к. Кыргызстандын Кызыл китебине катталган.