МАТЕМАТИКАЛЫК ФИЗИКА: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 16:30 учурдагы нуска
МАТЕМАТИКАЛЫК ФЙЗИКА - физикалык кубулуштардын математикалык моделдер теориясы. Математикалык моделдерди түзүү жагы М. ф-ны физика илими менен, ал эми моделдерди изилдөө методу математика илими менен тыгыз байланыштырат. М. ф. методу жөнүндөгү түшүнүккө физикалык кубулуштарды мүнөздөөчү математикалык моделдерди түзүү жана аны изилдөө үчүн колдонулуучу математикалык методдор кирет. Көптөгөн физикалык кубулуштардын математикалык моделдерин изилдөө үчүн М. ф-нын методдорун өнүктүрүүдө жана ийгиликтүү колдонууда Ж. Лагранж, Л. Эйлер, П. Лаплас, Ж. Фурье, К. Гаусс, Б. Риман, М. В. Остроградский, А. М. Ляпунов, В. А. Стеклов ж. б. көрүнүктүү илимпоздор зор салым кошкон. 19-к-дын 2-жарымынан электр-динамикада, акустикада, гидрожана аэродинамикада, серпилгичтуулук теориясында, туташ чөйрөдө ар кандай физикалык талаа жана толкундар менен байланыштуу болгон физикалык кубулуштарды изилдөөдө М. ф. методдору кенири колдонулган. Физикалык кубулуштардын математикалык модели көп учурда айрым туундулуу дифференциалдык тендемелер менен жазылып, ал М. ф-нын тендемеси деп аталат. Мисалы, бир тектүү ичке зымдын эркин термелүүсүн баяндай турган (формула түрүндөгү) жөнөкөй гиперболалык тендеме акустиканын, гидрожана электр-динамиканын толкун процесстеринин бир топ кубулуштарын баяндоо үчүн да колдонулат.
Физиканын кванттык электр-динамикасы, талаанын аксиомалык теориясы боюнча жүргүзүлгөн теориялык изилдөөлөр М. ф-нын маанилүү бир тармактарын (жалпыланган функциялар теориясы жана үзгүлтүксүз спектрдүү операторлор теориясы ж. б.) түзүүгө алып келди. Физиканын математикалык моделдерин математикалык методдор менен изилдөө жалаң гана физикалык кубулуштардын сандуу мүнөздөмөлөрүн алууга жана чыныгы процесстердин жүрүшүн каалагандай эсептеп чыгарууга мүмкүндүк берет. М. ф-нын методдору биология, экономика, геофизика ж. б. илим тармактарында да колдонулат.
Ад. Владимиров В. С„ Жаринов В. В. Уравнения математической физики. 2-е изд. М., 2008.