МАРСО: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 16:40 учурдагы нуска
МАРСО (өз фамилиясы Манжель) Марсель (22. 3. 1923, Страсбург - 22. 9. 2007, Каор, сөөгү Парижге коюлган) - француз актёру. Каршылык көрсөтүү кыймылынын катышуучусу. Атасынын Освенцимде набыт болушу М-нун көз карашына таасир тийгизип, чыгармачылыгын заманбап адамды моралдык жок кылуунун, өлтүрүүнүн себептерин аңдап түшүнүүгө арнаган. 1946-жылы «Марсель Марсонун мимдер менен кызматташтыгын» негиздеген. 12 сезондун ичинде 20дан ашык мимикалык пьеса койгон:«Шинель» (Н. В. Гоголь боюнча, 1951), «Караңгыдагы кармаш» (1952), «Па-
риж күлөт, Париж ыйлайт» (1959) ж. б. 1960- жылдар жеке концерт-спектаклдер менен чыккан. 1969-жылы Парижде Марсель Марсо Эл аралык пантомима мектебин, 1996-жылы Пантомима өнөрүн АКШда жайылтуучу Марсо фондун негиздеген. М-нун өнөрү 20-к-дын 2-жарымында патомима жанрынын өнүгүшүнө зор таасир тийгизген. Киного да тартылган: «Робот», «Дудук кино» ж. б. М-нун чыгармачылыгы жөнүндө фильмдер тартылган: «Бип жана рандеву» (1948), «Пантомималар» (1954), «Мим Марсель Марсо» (1972) ж. б. Ардактуу легион орденинин офицери.
Ад.: Маркова Е. М. Марсо. Л., 1975; она же. Современная зарубежная пантомима. М., 1985.
