«МАРСЕЛЬЁЗА»: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска
«МАРСЕЛЬЁЗА» (фр. La Marseillaise) - француздук революциялык ыр; Франциянын мамлекеттик гимни. Сөзүн жана музыкасын 1972-жылы (Страсбургда) К. Ж. Руже де Лиль жазган. Алгач «М.» «Рейн армиясынын аскердик ыры» болгон. Ыр респканын аскер бөлүктөрүнө тез тарап, Марселде «Марселдиктер маршы» же «М.» деген ат менен жайылып, Парижге жеткен. Экинчи империя доорунда ырдоого тыюу салынган. «М.» Франциядагы Үчүнчү респ-канын мамлекеттик гимни катары 1887-жылы расмий бекитилген. Россияда 19-к-дын 80-90-жылдарында «М-нын» обону менен ырдалган «Жумушчу марсельезасы» деген ыр жумушчу жана интеллигенция арасына тараган. Анын сөзүн А. Л. Лавров жазган (1875-жылы «Вперед» газетасына басылган; № 12). Кыргыз тилине 1975-жылы (А. Ашыров) которулган.