МАРАФОН САЛГЫЛАШЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 16:40 учурдагы нуска

МАРАФОН САЛГЫЛАШЫ — грек-перс согуш­тарынын (биздин заманга чейинки 500-449) жүрүшүндөгү бирин­чи ири салгылаш. Биздин заманга чейинки 490-жылы 13-сентябрда Афинынын түндүк-чыгышындагы (40 км алыстык­та) Марафон түздүгүндө болгон. Салгылашта гректердин 11 миң жоокери перстердин 20 миң­дей жоокерин жеңген. Грек аскерлерин кол­башчы Мильтиад жетектеген. Геродоттун эсеби боюнча салгылашта перстер 6400, гректер 192 ада­мынан ажыраган. М. с-нан кийин перстер Гре­кияга 10 жыл бою кол салган эмес.