МАПУТУ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 16:40 учурдагы нуска
МАПУТУ (1976-жылы чейин Л о р е н с у-М а рк и ш) - Мозамбик Респ-нын борбору. Инди океанындагы Делагоа бухтасынын жээгинде, Африканын айланма транзит жолунун боюнда жайгашкан. Калкы 1,1 миллион (2010; агломерациясы менен 2,2 миллион). Эл аралык аэропорту бар. Шаар португалиялыктар түзгөн форттун ордунда 1781-жылы
негизделген. 1895-жылдан Португалиянын ээлиги - Мозамбиктин администрациялык борбору болгон. 1975-жылы Мозамбик көз каранды эместикке ээ болгондон анын борбору. Машина куруу, металл иштетүү, химиялык, нефть ажыратуу, тамак-аш, жыгаччылык, текстиль ө. ж. ишканалары иштейт. Карапачылык өнүккөн. Университеттер, коллеждер, музейлер (анын ичинде тарых, улуттук) бар. Вокзалы өтө кооз. Ботаникалык бак (Африка континентиндеги өсүмдүктөрдүн уникалдуу түрлөрү өстүрүлөт), зоопарк уюштурулган. Деңиз курорту.
