МАНИПУЛЯТОР: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска
МАНИПУЛЯТОР - оператордун башкаруусу менен колдун кыймылына окшош кыймыл (манипуляция) аткаруучу механизм. Ал иштөөгө кооптуу же кыйын шарттарда колдонулат. М. кол
менен жана автоматтык башкарылуучу болуп бөлүнөт. Автоматтык башкаруу системасы бар М. М.-робот же робот деп аталат. 1) т о о к е н и ш и н д е бургулоо кареткасынын негизги механизми; ал үңүлмө (забой) жанында перфоратордуу автобергичти жылдырат. Түзүлүшү боюнча радиалдуу (айлануучу), сызыктуу, колонкалуу жана жаа сымал болуп бөлүнөт. М. пневматикалык, гидравликалык жана айкалыштырылган (кээде кол менен иштөөчү) кыймылдаткыч менен иштейт; 2)металлды басым менен иштетүү процессинде
тетиктердин ордун алмаштыруучу машина. Прокатка М-у металлды бир калибрден экинчисине которуу, багыт берүү, түздөө операцияларын аткарат. Согуу М-у барскан жана гидравликалык процессте согуу жана штамптоо операцияларын механикалаштырууда колдонулат; 3)ядролук техникада радиоактивдүү заттар менен иштөөдө ошол заттарды адамга тийгизбөөчү механизм. Мындай М. менен коргоочу дубалдын артындагы буюмду кармап, ордунан жылдырат; 4) компьютердин четки (перифериялык) түзүлүшү. Ал монитор экранында курсорду жылдыруу үчүн колдонулат («чычкан», трекбол, жойстик, жарык калем ж. б.).
Ад.: Артобалевский Ч. И. Теория механизмов и машин. М., 2008.
