МАНИЛА: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска
МАНИЛА - Филиппин Респ-нын борбор шаары. Лусон а-нын түштүк-батышында, Манила булуңунун жээгинде (Түштүк-Кытай деңизинин алабы) жайгашкан. Калкы 1,7 миллион (2010). М. - өлкөнүн башкы саясий, экономикалык жана маданий борбору. Метро-Манила шаар айланасында жайгашкан шаар-спутниктерди [Кесон-Сити (өлкөнүн расмий борбору), Калоокан, Мандалуйонг, Малабон, Макати, Сан-Хуан, Пасиг, Параньяке, Пасай, Навотас (балык кармоочу гавань)] жана бир муниципияны камтыйт. Метро-Манила коңшу провинциялардын канатташ аймактары менен Чоң Манила агломерациясын (20,7 миллион киши, 2010) түзөт. Алгач 9-к-да Майнилад деген ат менен Тондо султандыгына карагандыгы эскерилет. 1571-жылы Кийинчерээк испандар басып
алып, Филиппиндин администрациялык борборуна айланган. 1898-жылы АКШнын колуна өткөн. 1935-жылдан Филиппин автономиясынын, 1946-жылдан Филиппин Респ-нын борбору. Пасиг д. шаарды экиге бөлүп агат. Өкмөттүк ишканалар жана шаардын эски бөлүгү - Интрамурос (мурунку испан чеби) М-нын түштүк бөлүгүндө жайгашкан. Жеңил, тамак-аш, полиграфиялык, жыгаччылык, химиялык, машина куруу ө. ж. ишканалары, верфтер иштейт. Университеттер, улуттук жана Санто-Томас музейи, театр, сүрөт галереясы, китепкана бар. Сан-Агустин чиркөөсү (1599-1614) сакталган.
