МАМЛЕКЕТТИК ЗАКАЗ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска
МАМЛЕКЕТТИК ЗАКАЗ - өлкөнүн кызыкчылыгы бар продукцияларды өндүрүү, товар чыгаруу ж. б. иш-чараларды камтыган тапшырма. Ал өкмөттүк органдар тарабынан берилип, мамлекеттик бюджеттен финансыланат. М. з. мамлекеттин бардык чарба тармактарында негизги керектөөлөрүн канааттандырып, жалпы мамлекеттик керектүү маселелерди (ө. ж. өндүрүшү, илимий- техникалык изилдөө программалары, коомдук-социалдык чөйрө, коргонуу стратегиясы ж. б.) чечүүгө гарантия берет. Ал - чарбалык байланыштарды түздөн-түз жөнгө салуунун формасы. М. з. ар бир ишкана үчүн өтө ыңгайлуу, анткени ал туруктуу финансы булагын түзөт. М. заводар конкурстук жана аукцион жүргүзүү аркылуу берилет. Конкурстук соода жана тендерлер негизинен азыктүлүк сатып алуу, турак-жай, имараттарды куруу жана реконструкциялоо иштери, ар түрдүү объектилерге имараттарды ижарага берүү, жолдорду ремонттоо, жаңы трассаларды куруу ж. б. боюнча өтөт. Кыргызстанда М. з. айрыкча жол тармагын куруу, курулуш иштеринде кеңири тараган.