МАМБЕТОВА: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска
МАМБЕТОВА Насира Исмаиловна (2. 12. 1948- жылы туулган, Ысык-Көл обл., Жети-Өгүз району, Тамга айылы) - драма артисти, КРдин эл арт. (1992). 1972-жылы Москвадагы А. В. Луначарский атындагы театр искусствосу институтун бүткөн. 1972-94-жылы Ош кыргыз драма театрында иштеген. 1994-жылдан Б. Кыдыкеева атындагы Жаш көрүүчүлөр театрында эмгектенет. М. улуттук, дүйнөлүк, орус драматургдардын спектаклдеринде.бир катар каармандардын образын түзүп, аларды кулк-мүнөзүн, ички дүйнөсүн чебер

ачып бере алган. Негизги ролдору: Ак бала (М. Ауэзов, «Каракөз»), Жаңыл Мырза (А.
Куттубаев, К. Маликов, «Жаңыл Мырза»), Кадича, Сейде (Ч. Айтматов «Кызыл жоолук жалжалым», «Бетме-бет»), Багдагүл (Т. Абдымомунов, «Ашырбай»), Мадина (М. Карим, «Жөө Махмуд»), Аял (М. Байжиев, «Акыркы рейс»), Гертруда (У. Шекспир, «Отелло»), Комиссар (В. Вишневский, «Оптимисттик трагедия»), Актриса (М. Гапаров, «Туздуу чөл») ж. б. М. киного да тартылган: Бекей (Б. Шамшиев, «Ак кеме»), Кадича (И. Поплавская, «Мен - Тянь-Шань») ж. б. Москва ш. өткөн Бүткүл союздук эл чыгармачылыгынын фестивалынын лауреаты (1987). Медалдар менен сыйланган.
