МАССАЛЫК ЗЫЯН КЕЛТИРҮҮЧҮ КУРА ЛДАРДАН КОРГОНУУ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 16:35 учурдагы нуска
МАССАЛЫК ЗЫЯН КЕЛТИРҮҮЧҮ КУРА ЛДАРДАН КОРГОНУУ — жоокерлерди, калкты жана эл чарба объектилерин душмандын ядролук, химиялык жана бактериялык куралынан коргоо үчун көрүлүүчү иш-чара комплекси. Жоокерлерди коргоо ишин уюштуруучу бардык командирлерге жана штабдарга душмандын ядролук, химиялык жана бактериялык курал колдонуусун бошоңдотуу, анын соккусуна дуушар болгон жоокерлердин согушка жарамдуулугун тез калыбына келтирүү жана жапа чеккен аймакта иш-аракетке шарт түзүү милдети кошо жүктөлөт. Жоокерлер жакшылап жашырылат; аэродромдор жана кеме аялдамалары маал-маал которулуп турат; аймактын радиоактивдик, химиялык жана бактериялык булганууга чалдыгышы жөнүндө жоокерлерге маалымдалып, жеке коргонуу каражаттары берилет; окоп, чуңкур, жер төлө, атайын жасалгалуу жер тамдар казылып, курал, техника жана материалдык каражаттар чүмбөттөлөт. Келтирилген зыян жөнүндө маалымат алуу үчүн чалгын жүргүзүлүп, өздүк курамдын, курал, техника, материалдык каражаттардын чыгымы, бүлүнгөн, өрттөнгөн, чөккөн аймактарды калыбына келтирүү боюнча
иштин мүнөзү жана өлчөмү аныкталат. Эпидемияга каршы, санитариялык-гигиеналык, алдын алуучу ж. б. медициналык иш-чаралар жүргүзүлөт. Ууккандарга жардам көрсөтүлөт ж. б. Эл чарбасында үзгүлтүксүз иштөө үчүн шарт түзүлөт. Шаарлар менен эл чарба объектилерин коргоо жалпы мамлекеттик коргонуу иш-чараларынын системасында уюштурулат, к. Жарандык коргонуу.