МАСЕРУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы нуска

МАСЕРУ - Лесето Королдугунун борбору (1966- жылдан), шаар. Масеру округунун администрациялык борбо-

Шаардагы дүр-дүйнө дүкөнү.

ру. Өлкөнүн батышында, Ажыдаар тоосунун этегинде, Каледон дарыясынын боюнда, деңиз деңгээлинен 1500 м. бийикте жайгашкан. Калкы 253,9 миң (2010). Өлкөдөгү жалгыз ири шаар жана ири сро­да борбору. Жолдор тоому. Эл аралык аэропор­ту бар. ТАР менен т. ж. аркылуу байланышат. А. ч. азыктарын кайрадан иштетүүчү, кездеме токуучу, бут кийим, кийим-кечек тигүү өндүрүшү иштейт. Улуттук университет, политех. институт, а. ч. кол­лежи, китепканалар, улуттук музей, король ак сарайы, Ыйык Виктория собору, Басото Хет кол өнөрчүлөр борбору, Хат Крафт универмагы (кол­го токулган, тигилген шляпалар сатылат) бар. 1869-жылы негизделген. 1966-жылы чейин Британия­нын протектораты Басутоленддин администрациялык борбору болгон.