МАРШАЛЛ ПЛАНЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска

МАРШАЛЛ ПЛАНЫ - Европаны калыбына келтирүү программасынын расмий аталышы; АКШнын жардамы аркылуу 2-дүйнөлүк согуш­та (1939-45) бүлгүнгө учураган Европанын эко­номикасын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү программасы. 1947-жылы АКШнын мамлекеттик секре­тары Ж. К. Маршаллдын демилгеси менен түзүлгөн (1948-жылы апрелде күчүнө кирген). Бул идеяны Улуу Британия менен Франция колдоп, европалык мам­лекеттердин керектөөсүн жана ресурстарын, тар­мактарынын өнүгүшүн аныктоочу «жетекчи ко­митет» түзүүнү сунуш кылган. Мындай уюм өлкөлөрдүн ички иштерине кийлигишүүгө түрткү бермек. Совет өкмөтү буга каршы мамлекеттер­дин тең укуктуу экономикалык кызматташуу планын сунуш кылган, бирок сунуш батыш өлкөлөрү тарабынан четке кагылган. Натыйжада планга катышуудан СССР ж. б. айрым өлкөлөр баш тарткан. Планды жүзөгө ашырууга Европанын 17 өлкөсү катышкан. Батыш Европа өлкөлөрүнө АКШ бюджетинен субсидия жана зайым түрүндө жардам берилген. 1948-жылдын апрелинен 1951- жылдын декабрына чейин АКШ М. п. боюнча 17 миллиард доллар чыгымдаган. 1951-жылы М. п. бир мезгилде экономикалык, согуштук жардам көрсөтүүнү ка­раган өз ара коопсуздукту камсыз кылуу жөнүн­дө мыйзам менен алмаштырылган.