МАРТИНИКА: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |

| 10-сап: | 10-сап: | ||

[[File:МАРТИНИКА_1.jpg|thumb|Мартиниканын жээк тилкеси.]]

кан. Африкадан плантацияларда иштөө үчүн негр-кулдарды алып келишкен. 17-19-к-дын башында Улуу Британия менен Франция согушкан. 1794-жылы |
кан. Африкадан плантацияларда иштөө үчүн негр-кулдарды алып келишкен. 17-19-к-дын башында Улуу Британия менен Франция согушкан. 1794-жылы М-ны англ. аскерлер басып алып, бирок 1802-жылы Амьен тынчтыгы боюнча Францияга кайтарылган. 1809-14-жылы кайрадан англичандар ээлик кыла баштаган. Кулдарды аёосуз эзүүнүн натыйжасында көтөрүлүш келип чыккан. 1848-жылы кулчулук жоюлган. 1851-жылы француз өкмөтүнүн чечими менен М. банкы уюштурулуп, банкнотторду чыгарууга укук алышкан (1900-жылдан финансы автономиясына ээ болгон). 1946-жылы Франциянын деңиздеги алыскы департаменти статусуна, 2003-жылдан расмий түрдө франциянын деңиздеги алыскы региону статусуна (формалдуу түрдө; департамент менен тең укуктуу) ээ болгон.

Франциянын субсидиясына жана импортуна көз каранды. ИДПнин көлөмү 9,6 миллиард долларды түзөт (АКШ, 2006); аны киши башына бөлүштүргөндө 24,6 миң доллардан туура келет. ИДПдеги тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү (% менен) 81, ө. ж-дыкы 7, курулуштуку 7, а. ч-ныкы 5. Нефть ажыратуучу завод, цемент, текстиль, тамак-аш (кант, ром, консерва), а. ч. азыктарын кайра иштетүү ө. ж. ишканалары иштейт. Банан (негизинен экспорт үчүн), жашылча, бал камыш өстүрүлөт. А. ч. азыктары өлкөнүн ички керектөөлөрүн канааттандырбайт. Негизинен азык-түлүктү Франциядан алат. Бодо мал, кой, эчки, чочко асыралып, үй куштары багылат. Автомобиль жолунун узундугу 2,1 миң км. Башкы деңиз порту - Фор-де-Франс. Эл аралык аэропорту бар. Сыртка банан, ром, нефть продукциялары чыгарылат. Негизги соода шериктештери: Франция, АКШ, Гваделупа. Туризм (дайвинг, яхтинг; жылына 600 миң турист келет) өнүккөн.

[[Category:5-том,_201-300_бб]] | [[Category:5-том,_201-300_бб]] | ||
1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы нуска
МАРТИНИКА - Франциянын «деңиздеги алыскы департаменти» жана региону. Кариб деңизиндеги Айдарым а. тобунда жайгашкан ээлик. Вест-Индияда. Аянты 1,1 миң кмг (Франциянын эң кичинекей ээлиги). Калкы 406,0 миң (2010); негизинен креол-мартиникалыктар, ошондой эле негр жана мулаттар (булар - мурдагы кулдардын тукумдары) да жашайт. Дини - католицизм. Расмий тили - француз тили. Администрациялык борбору - Фор-де-Франс. Администрациялык-аймактык жактан 4 округга бөлүнөт. Акча бирдиги - евро.
Ээликти Республика комиссары башкарат. Ал француз өкмөтү тарабынан дайындалат. Шайлануучу мыйзам чыгаруучу органы - Генералдык кеңеши бар. Франциянын парламентинде М-нын 4 өкүлү депутат, экөө сенатор болуп олтурат.
Арал тоолуу келип, жанартоо тектеринен турат. Дөңсөөлүү түздүк аралды экиге - анча бийик эмес (500 лгге чейин) түштүк жана жанартоолуу түндүк бөлүккө бөлөт. Аракеттеги Монтан-Пеле жанартоосунун бийиктиги 1397 м. 1902-жылы жанартоо атылып, Сен-Пьер ш. толугу менен кыйрап, 30 ОООге жакын адам каза болгон. Чыгыш жана
түштүк жээктери булуң-буйткалуу, бирок бухталардын оозун рифтер тосуп жатат. Жер титирөө тез-тез болуп (акыркы катуу - 2007) турат. Форде-Франс булуңунда ыңгайлуу гавандар бар. Климаты тропиктик, пассаттык. Айлык орт. температурасы 24-27°С. Жылдык жаан-чачыны 1500-2000 мм. Эң кургак айы - апрель. Дарыялары көп, бирок анча узун эмес. Буларда шаркыратмалар көп. Тоолорундагы токойлору кыйылып, сейректеп кеткен. Деңиз жээктеринде мангр токойлору, ошондой эле кызыл, кампеша жана нан дарагы кеңири таралган. Түздүктөрүн саванна ээлеп, саздак жерлер да кездешет. Кен байлыктарынан пемза, аки таш жана таш тузу бар. Мартиника табигый паркы бир нече коргоого алынган аймакты жана Монтан-Пеле аракеттеги жанартоосун, тропик токоюн бириктирет. Сууда сүзүүчү куштарды коргоо максатында 3 резерват уюштурулган.
Алгач аралга аравак индейлери отурукташкан. X. Колумб тарабынан 1502-жылы ачылган. Ошондон тарта европалыктарга белгилүү. М-га 1635-жылдан француздар ээлик кыла баштап, жергиликтүү кариб индейлерин тукум курут кылыш-