МАРКСИЗМ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы нуска

МАРКСИЗМ - диалектикалык материалисттик философия, саясий экономия, илимий коммунизм, таптык күрөш, социалисттик революция, дүйнөнү өзгөртүү, жаңы коомду куруу жөнүндө синтезделген илимий система. М-дин негизинде дүйнөнүн жалпы закон ченем­дүүлүктөрү, жалпы тааным методу, диалекти­калык жана тарыхый материализм, жаратылыш, коом, аң-сезим закон ченемдүүлүктөрү жөнүндөгү марксисттик философиялык көз караштар жатат. М. 19- к-дын ортосунда негизинен капиталисттик жана ага чейинки цивилизацияларды сындоонун на­тыйжалары катары жана немистик классикалык философияга, фр. утопиялык социализмге, англ. классикалык саясий экономияга, илимий ачы­лыштарга булак катары таянып жаралган окуу. Бул окуунун башында улуу ойчулдар К. Маркс менен Ф. Энгельс турган. Алардын теорияларын В. И. Ленин чыгармачылык менен улантып, 20-к-дын башында Россияда ишке ашырган. Бирок ошол эле кылымдын аягында «реалдуу социализм» коомунун СССРде ж. б. өлкөлөрдө бузулушу менен М. идеялык начарлоого туш болгон. Анын не­гизги кемчиликтери пролетардык мессианизм (куткаруу) идеологиясы; бүткүл социалдык­саясий проблемаларды пролетардык диктатура­га тогоп, чегерүү; жеке менчикти жоюп, коом­дук жалпы менчикти орнотуу; жарандык коомду саясий коомдун пайдасы үчүн жоюу, аларды би­ри-бирине тике «куюлуштуруу»; жеке менчик ээлеринин менчиктерин тартып алуу ж. б. Азыр­кы убакта М-дин көп илимий принциптеринин маани­лери сакталууда жана тарыхый процесстин социал­дык-философиялык теориялары менен интеграцияланууда.

Ад.: Ленин В. И. О некоторых особенностях исто­рического развития марксизма. М., 1989; Марксизм: рго и сопЪга. М., 1992; Нуреев Р. М. Исторические судьбы учения К. Маркса//Вопросы экономики. 2007. № 9. Т. Эсенгелдиев.