МАРКС: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 16:35 учурдагы нуска
МАРКС (Магх) Карл (5. 5. 1818, Германия, Трир - 14. 3. 1883, Лондон) - немис философу, социолог, экономист, коомдук ишмер, «Капитал» аттуу фундаменталдуу эмгектин автору. М. диалектикалык жана тарыхый материализмге, саясий экономияга

жана илимий социализмге негиз салган. Пролетариаттын тап күрөшүнүн теориясын иштеп чыккан. М. адвокаттын үй-бүлөсүндө туулган. Бонн жана Берлин университеттеринде окуган. Анын революциячыл философиялык көз карашы жаш гегелчилердин таасиринде калыптанган. 1842- 43-жылы Кёльндеги демокр. «Рейн гезитинде» журналист жана редактор. 1843-жылы гезит жабылган соң, Парижге көчүп келип, социалисттик жана демокр. кыймылдын өкүлдөрү менен таанышып, Генрих Гейне жана Фридрих Энгелъс менен достошкон. М-тын 1844-жылы «Немистик-француздук жыйнакта» жарыяланган «Еврейлер маселеси» жана «Гегелдин укук философиясын сындоого карата кириш сөз» аттуу макалалары анын материализм позициясына биротоло өткөндүгүн ырастаган. М. менен Энгельс «Ыйык үй-бүлө» (1845) эмгегинде майда буржуазиялык идеологияны сындап, жумушчу кыймылынын теориясы менен тактикасын иштеп чыккан. 1845-48-жылы М. Энгельс менен бирге «Немистик идеология» эмгегин жазып, анда Гегелдин идеализми менен Л. Фейербахтын ыраатсыз материализмин сындап, диалектикалык материализм менен тарыхый материализмдин негизги жоболорун түзүшкөн. П. Ж. Прудондун майда буржуазиялык философиясына каршы «Философия жакырчылыгы» деген эмгегинде М. тарыхый материализмге жана пролетардык саясий экономияга негиз салган. М. менен Энгельс жазган «Коммунисттик партиянын манифести» (1848) марксизм менен пролетарлар партиясынын программалык документи болгон. 1848-жылы Март революциясынан кийин Парижден Кёльнге (Германия) келип, 1848-жылы 1-мартта күн сайын чыгуучу «Жаңы Рейн» революциячыл гезитин (Коммунисттер союзунун органы) чыгарып, Германияда жана Европада эң маанилүү революциячыл окуяларды анализдеп турган. 1849-жылы майда Пруссия өкмөтү гезитти куугунтуктап жапкан соң, Лондонго келип, өмүрүнүн акырына чейин жашаган. М. 1864-жылы 28-сентябрда Лондондо түзүлгөн 1- Интернационалдын негиздөөчүсү жана жол башчысы. М. ар кайсы өлкөнүн жумушчу кыймылын бириктирүүгө умтулуп, прудонизм, лассалчылык, бакунизмге (анархисттерге) каршы чечкиндүү күрөшкөн. 1867-жылы М-тын негизги эмгеги - «Капиталдын» 1-тому жарыкка чыккан. «Капиталды» жазууда М. эбегейсиз көп тарыхый, философиялык, социалдык ж. б. илимий эмгектерди (ошондой эле математика, агрохимия, минералогия ж. б.) окуп-үйрөнүү менен өзүнө чейинки улуу экономисттердин (А. Смит, Д. Рикардо) эмгектерине сын баа берип, капитализмдин өнүгүшүнүн экономикалык закондорун, рынок системасы үстөмдүк кылган капиталисттик коомдо жалпы экономикалык кризистин тез-тез кайталануу закон ченемдүүлүгүн ачкан. Коомдогу мамлекеттик саясаттын принциптерин, жоболорун, рынок экономикасынын маани-маңызы жана негиздерин изилдеп, капитализмдин кемчиликтери менен мүмкүнчүлүктөрүн, капит. системанын жаңы прогрессивдүү коомдук экономикалык системага өсүп чыгышынын зарылдыгын тапкан. «Капиталга» чейин жарык көргөн нарк теориясы менен акча теориясын камтыган «Саясий экономияга сын» аттуу эмгегинин кириш сөзүнө М. тарыхты материалистче түшүнүүнүн классикалык аныктамасын берген. В. И. Ленин «Капиталды» «саясий-экономикалык улуу чыгарма» деп баалап, философиялык жана тарыхый изилдөөдө - «Капиталда» бир эле илимге карата логиканын, диалектикалык материализмдин таанып-билүү теориясы колдонулгандыгын» белгилеген. «Капиталдын» тарыхый маанисине Ф. Энгельс: «Жер жүзүндө капиталисттер менен жумушчу табы пайда болгондон бери жумушчулар үчүн мындай маанилүү бир да чыгарма болгон эмес...»,- деп баа берген. Бул бир өмүр сарпталган илимий эмгекти (Ф. Энгельс) «Капиталды» жаратууга М. 40 жылдан ашуун убакыт жумшаган (1843-83). Негизинен М-тын бардык теориялык жана практикалык ишмердиги камтылып, коомдо менчик маселесинен улам
чыккан карама-каршылыкты, философияда диалектикалык жана тарыхый материализмди, экономикада кошумча нарк теориясын, саясатта тап күрөшүнүн теориясын ачкан. М-ка карата ар кандай көз караштар болгону менен, анын 19-20- к-дагы дүйн. тарыхый процесске тийгизген таасири эбегейсиз зор. АКШ конгрессинин китепканасынын маалыматы боюнча (1999) М-га арналган илимий эмгектердин саны өтө көп.
Эмг.: Маркс К„ Энгельс Ф. Соч. 2-е изд. Т. 1-39. М., 1955-73.
Ад.: Ленин В. И. Карл Маркс. М., 1918; Каутский К. Экономическое учение К. Маркса. М. 2003; ТуганБарановский М. И. Теоретические основы марксизма. М., 2003; Аттали Ж. К. К. Маркс. М., 2008; Вин Ф. Маркс: Капитал. М. 2009.