МАНСУР ХАН: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 16:35 учурдагы нуска
МАНСУР ХАН (1484/85-1544) - Моголстан ханы. Султан Ахмед (Алача) хандын тун уулу. 1504-жылы чейин Моголстанды (Жети-Суу аймагын) бийлеп турган. Султан Ахмед хан (1487-1504) өлгөн сон, атасынан мураска калган хан тактысына отурган. Бирок бир туугандарынын ортосунда бийлик талашкан жаңжалдар келип чыккан. М. X. инилери Султан Саидди жана Султан Халилди куугунтуктаган. Алар Жети-Сууга кыргыздарга качып келишкен. 1504-жылы кыргыздар Султан Халилди өздөрүнүн өкүмдары деп жарыялашкан. М. X. 1508-жылы Иле д-на куйган Чарын жана Чилик сууларынын аралыгынан кыргыздарга, Султан Саид менен Султан Халилге сокку урган. Кыргыздардын басымдуу бөлүгүн Турпанга көчүргөн. М. X. ошондой эле калмактаргакаршы, 1513-жылы Кытайга жүрүштөрдү уюштуруп, Улуу Кытай дубалына чейин жеткен. Бирок 1514-жылы Моголстандагы Арыш деген жерден өзбек-казактардын колунан женилген.
Ад.: Петров К. И. К истории движения киргизов на Тянь-Шань и их взаимоотношений с ойратами в ХШ-ХҮ вв. Ф., 1961; Мухаммед Хайдар Дулати. Тарих-и Рашиди. А., 1999,
Т. Асанов.