МАНСЕЛЬКЯ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 16:35 учурдагы нуска

МАНСЕЛЬКЯ - Фенноскандиядагы жапыз тоо жалчаларынын жана дөнсөөлөрдүн тизмеги; не­гизинен Финляндиянын, ошондой эле Норвегия менен Карелиянын аймагында. Узундугу 750 км, жазылы­гы 75 кмге, бийиктиги 718 мге чейин (Сокусти чо­кусу). Балтика калканынын борбордук бөлүгүндө жайгашып, Балтика, Ак жана Баренц деңизде­ринин суу бөлгүчү болуп саналат. Байыркы муз каптоонун издери көп кездешет, морена дө­бөлөрү, суу-мөңгүнүн аракетинен пайда болгон түздүктөр кеңири таралган. Көлдөр, өрөөнү ка­лыптана элек босоголуу дарыялары өтө көп. Саздак тайга мүнөздүү; М-нын токойсуз бийик бөлүктөрү тундра өсүмдүктөрү менен капталган. Жыгач даярдоо, бугу чарбасы, балыкчылык өнүккөн.