«МАНАС» (эпос): нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска
«МАНАС» — кыргыз элинин баатырдык эпосу; Манас баатыр жана анын уулу Семетей, небереси Сейтектин Ата Мекенди коргоодогу эрдиктерин баяндайт. Манасчылар тарабынан айтылат. Биринчи жолу 19-к-дын 2-жарымында жазылып алынган. Мазмуну өзгөчө узак убакыттар аралыгындагы эл турмушунун ар кыл жактарын камтыйт. Кыргыздар кылымдар бою өз табылгалары менен билгендерин, оң-терс, жакшыжаман, дос-кас, турмуш, жаратылыш, коом жөнүндөгү түшүнүктөрүн, моралдык жана адеп-ахлактык нормаларын ушул чыгармага топтогон. Ошондуктан «М-ты» Ч. Валиханов «....кыргыздардын бардык мифтеринин, жөө жомокторунун, уламыштарынын энциклопедиялык жыйнагы» (Избр. произв., А.-А., 1957, С. 112), деп жазса, академик В. В. Радлов «...элдин бардык турмушунун жана бардык умтулууларынын чагылышы» (Образцы народной литературы северных тюркских племен, Ч. 5, СПб., 1885, С. 111),-дейт. «М.» - кыргыз фольклорунун бай мазмуну, жог. көркөмдүгү менен өзгөчөлөнгөн эң бийик чеги, эң артык үлгүсү. Бул эпостун көлөм жактан дүйнөдө теңдеши жок, «...өзүнүн эбегейсиз зор масштабы боюнча буга чейинки белгилүү элдик эпикалык поэмалардын бардыгынан зорлук кылат» (Жирмунский В. М. Народный героический эпос. М.; Л. 1962. С. 282). Мисалы, «М-тын» С. Каралаевден жазылган бир гана вариантынын көлөмү - 500553 сап ыр. Бул көлөм «Илиада» (көлөмү 15693 сап ыр) менен «Одиссеяны» (көлөмү 12110 сап ыр) кошуп эсептегендеги көлөмдөн (27803) 20 эсе көп. «М.» кыргыз элинин айрыкча Октябрь революциясына чейинки саясий-социалдык жана маданий, рухий турмушунда чоң мааниге ээ болгон. «Жүздөгөн жылдар бою кыргыздар үчүн бул эпос таалим алуучу роман-китептин, таасирдүү сахнанын жана экрандын, өткөндү эске салуучу тарых китебинин милдетин аткарып келген» (Юнусалиев Б., Кириш сөз//«Манас». 1-китеп, Ф., 1958. 6-6.). «М.» бүгүн да өз маанисин жогото элек, көркөм чыгарма катары элди тейлөөсүн, эстетикалык рахат берүүсүн улантууда. Ошон үчүн бул эпосту кыргыз элинин улуттук сыймыгы, дүйнөлүк көркөм маданияттын казынасына кошкон зор салымы деп баалоого толук негиз бар. «М.» тууралуу жазуу жүзүндөгү алгачкы маалымат «Мажму ат-таварихтен» жолугат. Анда эпостун айрым белгилүү окуялары тарыхый окуялар менен аралаш баяндалып, каармандары тарыхта жашаган адамдар катары көрсөтүлөт. Бирок окумуштуулардын кийинки убактардагы изилдөөлөрү бул маалыматты далилдеген жок. «М-ка» көркөм чыгарма катары биринчи болуп Ч. Валиханов жогору баа берген жана текстин кагаз бетине түшүргөн. Ал ЫсыкКөл боюндагы кыргыз арасында болуп, 1856-жылы 26-майда «М-ты» угуп, белгилүү окуяларынын бири «Көкөтөйдүн ашын» кагаз бетине түшүрүп алган [бул орчундуу материал узак убакыттар бою илимде белгисиз жүрүп, 1965-жылы А. X. Маргулан тарабынан табылды жана факсимилеси менен «Чокан жана “Манас”» аттуу эмгегине (1971) жарыяланды]; укканы боюнча эпостун кара сөз түрүндөгү кыскача мазмунун орус тилинде 1904-жылы «Жунгария очерктери» деген эмгегине бастырган. Ч. Валихановдон кийин Октябрь революциясына чейин «М.» боюнча материал жарыялап, ага илимий пикир айткандар - академик В. В. Радлов жана венгр окумуштуусу Г. Алмаши. В. В. Радлов эки жолу - 1861-жылы Текестеги, 1869-жылы Чүйдөгү кыргыздарда болуп, эпостун окуяларын бүт жазып, немис тилине которуп, кыргызчасын өзүнчө, немисчесин өзүнчө том кылып 1885-жылы Санкт-Петербургдан чыгарган; кириш сөзүндө «М-тын» мазмуну, манасчылардын чыгармачылыгы жөнүндө орчундуу илимий пикир айткан. Венгр окумуштуусу Д. Алмаши 1911-жылы «Ке1еН Сзеш1е» журналына «Манастын уулу Семетей менен коштошкону» деген аталышта эпостон чакан үзүндү жарыялап, текстке өз комментарийин берген. «М-ты» жана ага байланыштуу маселелерди илимий негизде изилдөө, бастыруу иштери советтик доордо гана кеңири жолго коюлду. Улуттук фольклористтердин өсүп чыгышы менен, орус жана башка советтик илимпоздордун жардамы аркылуу бул багытта орчундуу ийгиликтер жаралды (к. Манас таануу).
Айтылуу манасчылардан М-ты жыйноо 20- жылдары башталган. 1922-жылдын жай айларынан тартып, Сагымбай Орозбаковдон К. Мифтаков баштап, Ы. Абдырахманов уланткан «М-ты» жазуу иши 1926-жылдын августунда аяктаган. Бул аралыкта улуу манасчыдан «Манас» бөлүмү толук жазылып алынган (көлөмү 180378 сап ыр). Биздин доордун гомери аталган С. Каралаевден 1935-жылы К. Жумабаев тарабынан башталган эпосту жазуу иши 1936- жылдан тартып Ы. Абдырахманов тарабынан улантылып, 1-бөлүм 1937-жылы бүткөн (көлөмү 85367 сап ыр). 40-жылдар ичинде Саякбайдан эпостун 2-3-бөлүмдөрү да толук жазылып алынган (жалпы көлөмү 500553 сап ыр). 1968-жылы Кыргыз ССР ИАнын Тил жана адабият институту С. Каралаевден эпостун үч бөлүмүн бүт магнитофон тасмасына жазып алган (24 кассета, ар бири 350 лгден). Шапак Рысмендеевден/1935-жылы башталган эпосту жазуу_ишине О/ Кыштообаев, К. Кыдырбаева, Т. Байжиевдер катышып, негизги эпизоддор бүт жазылган (көлөмү 46671 сап ыр). 1944-45-жылы ичинде С. Байсалов, А. Тайкүрөңов, Ы. Абдырахмановдор Молдобасан Мусулманкуловдон эпостун кыскартылган түрдөгү бардык эпизоддорун жазышкан (көлөмү 57688 сап ыр). 1938-40-жылы арасында Т. Абдракунов, М. Багышев, С. Мусаевдер Б. Сазановдун вариантын жазышкан. Көлөмү 41140 сап ыр (бул вариантта «Көкөтөйдүн ашы», «Көзкамандар окуясы» сыяктуу айрым эпизоддор жок). 1937- 39-жылы Тоголок Молдо 48492 сап ыр көлөмдөгү өз вариантын жазып тапшырган (негизинен эки чоң эпизод: эпостун алгачкы окуялары жана «Чоң казат»), 1951-жылы Ы. Абдырахмановдун өзү жазып тапшырган вариантында эпостун кыскарган түрдөгү бардык негизги окуялары бар (көлөмү 14380 сап ыр). 1960-70-жылдары «Манас» секторунун кызматкерлери тарабынан Мамбет Чокморовдон эпостун үч бөлүмү жазылып алынды («Манас» бөлүмүнүн көлөмү 103090 сап ыр). Булардан башка да эпостун 2-3-бөлүмдөрү (к. «Семетей», «Сейтек») жана үч бөлүмдүн айрым эпизоддору көптөгөн айтуучулардан жазылып алынган.
1925-жылы Москвадан «Семетейдин» бир бөлүмү (Тыныбек жомокчунун варианты боюнча; жыйнаган, басмага даярдап, кириш сөз жазган Э. Арабай уулу; көлөмү 3617 сап ыр) басылып чыккан. Бул - советтик доордо эпостон биринчи ирет жарык көргөн текст. Ошондон бери «М-ты» бастыруу иши ийгиликтүү уланууда. 30-жылдардын аягынан тартып текстти системалуу бастыруу, орус тилине которуу маселелерине көп көңүл бурулуп, атайын чечимдер кабыл алынган. Натыйжада текстти кыргыз тилинде басмага даярдоо иштери колго алынып, эпостун орусчага которулган айрым үзүндүлөрү гезитжурналдарга жарыялана баштаган (1935-40-жылы 26 жолу жарыяланган). 1940-45-жылы «Манас» сериялары деген жалпы ат менен белгилүү манасчылардын варианттарынан алынган айрым эпизоддордон 11 китепче жарык көргөн: «Манастын балалык чагы», С. Орозбаковдун айтуусу боюнча, басмага Ы. Абдрахманов даярдаган (кара сөз аралаш), 1940, 132 б.; «Алооке хан», С. Орозбаковдун айтуусу боюнча, басмага Ы. Абдырахманов даярдаган, 1941, 56 б.; «Каныкейдин жомогу», С. Каралаевдин айтуусу боюнча, басмага Ы. Абдрахманов даярдаган, 1941, 108 6.; «Каныкейдин Тайторуну чапканы», С. Каралаевдин айтуусу боюнча, редакциялаган - Ө. Жакишев, 1941, 156 б.; «Макел дөө», С. Орозбаковдун айтуусу боюнча, басмага Ы. Абдырахманов даярдаган, 1941, 64 б.; «Манастын өлүмү», С. Каралаевдин айтуусу боюнча, басмага Ы. Абдырахманов даярдаган, 1941, 64 б.; «Манастагы элестер». Мектеп жашындагы балдар үчүн, түзгөн - К. Маликов, 1941, 39 б.; «Семетейдин Букардан Таласка келиши», Тоголок Молдонун айтуусу боюнча, басмага Ы. Абдырахманов даярдаган, 1941, 56 6.; «Үргөнч», А. Рысмендеевдин айтуусу боюнча, басмагаЫ. Абдырахманов даярдаган, 1941, 64 б.; Алгачкы айкаш, «Чоң казаттан» үзүндү, айтуучу - С. Орозбаков, басмага Ж. Бейшекеев даярдаган, 1942, 98 б.; Майдан «Семетейден», айтуучу - Тоголок Молдо, басмага даярдаган - Ж. Бейшекеев, 1943, 63 б.; Биринчи казат, айтуучу - С. Орозбаков, басмага даярдаган - К. Рахматуллин, 1944,108 б.; академик Б. М. Юнусалиевдин жалпы редакциясы менен даярдалган, кыскартылып бириктирилген төрт томдуктун 1-2-китептери (басмага даярдаган - К. Маликов), 1958; 3-китеби (басмага даярдаган - А. Токомбаев), 1959; 4-китеби (басмага даярдаган - Т. Сыдыкбеков), 1960. «М-тын» айрым эпизоддору орус тилине которулуп, үч жолу өзүнчө китеп болуп басылып чыкты: «Алмамбет жана Алтынай», кыргыз эпосу «Манастан» эркин которгон - С. Клычков (М., 1936, 168 б.); «Манас» - кыргыз эпосу. Чоң казат». Которгондор - С. Липкин, Л. Пеньковский, М. Тарловский, редакциялагандар - Ө. Жакишев, Е. Мозольков, И. Сельвинский, К. К. Юдахин. Киришүү макаласын жазгандар - Е. Мозольков, Ө. Жакишев (М., 1946, 372 б., илл. менен); «Манас». Кыргыздын элдик эпосунан эпизоддор. Которгондор - С. Липкин жана Л. Пеньковский. Кириш сөзү С. Даронян менен С. Липкиндики (М., 1960, 310 б.). Эпостун казак тилине которулган үзүндүлөрү өзүнчө китеп болуп «Алгачкы айкаш» (которгон - Куандык Жеми) деген атта Алматыдан 1942-жылы, кыскартылып бириктирилген варианттын 1-2-китептери 1962-жылы, 3-4-китептери 1963-жылы, «Көкөтөйдүн жомогу» 1973-жылы (которгон - А. Маргулан) басылып чыкты. Бириктирилип кыскартылган 1-2-3-китептери өзбек тилинде Ташкентте 1964-, 1966-, 1968-жылдары басылды. «М.» - структурасы жагынан генеал. циклдешүү принцибинде түзүлгөн чыгарма. Ошондуктан анда баатырлардын бир канча мууну жөнүндө сөз болот да, ар бир негизги баатырдын өмүр жолуна байланышкан окуялар өзөзүнчө чоң бөлүмдү түзөт: Манас, Семетей, Сейтек. Эл арасында ушул үч бөлүмдүн окуялары өзгөчө кеңири тараган. Бирок айрым манасчылар «Сейтектин» уландысы, өз алдынча чыгарма катары башка бөлүмдөрдү да айтышат. Мисалы, Саякбайдан Сейтектин уулу Кенен, анын балдары Алымсарык, Кулансарыктардын окуялары да жазылып алынган. Саякбайдын устаты, белгилүү чоң манасчы Чоюке да эпостун ушул кийинки бөлүмдөрүн кошо айтчу экен. Күчтүү душманынан жеңилип, кордук көргөн, чабылып-чачылган кыргыздардын башын кошуп, ата-бабасы жердеген мекенге кайра алып келген Манас баатырдын эрдик иштери эпостун биринчи негизги бөлүмүнүн мазмунун түзөт. Бул бөлүм согуштан жарадар болуп келип өлгөн Манасты эли урматтап коюшу жана эстелик тургузушу менен аяктайт. Манастын уулу Семетей жөнүндөгү окуялардан эпостун экинчи бөлүмү куралат (к. «Семетей»), «Сейтек» - эпостун корутунду бөлүмү. Мында элдик оң идеянын жеңишке жетиши, эл кызматын кылган баатырлардын иши өлбөйт, алардын ордун баскан азаматтар дайым болот деген идея берилет. Эпостун үч бөлүмүнүн негизгиси - Манас баатырдын өзү жөнүндөгү биринчи бөлүм, анткени, эркиндик-теңдик, көз каранды болбоо, биримдешүү, мекенди урматтоо, эл ишин баарынан жогору коюу сыяктуу элдин асыл ой-тилектери, түшүнүктөрү өзгөчө даана, кенен жана зор таасир берерлик күчтө ушул бөлүмдө баяндалган. «М.» - көп варианттуу чыгарма. Азыр анын үч бөлүмүнүн 79 варианты белгилүү. Вирок бул сан чек эмес, анткени эпостун жаңы варианттарын жазуу иши дагы эле уланып жатат. Варианттардын жакындыгы алардагы башкы теманын, негизги идеянын бирдейлиги, сюжеттик линиянын окшоштугу, оң, терс каармандардын бирдей бааланышы жана түшүндүрүшү аркылуу белгиленет. Бирок ар бир варианттын өзүнө таандык өзгөчөлүктөрү да бар. Мисалы, эпостун негизги варианттарынан деп эсептелген С. Орозбаков менен С. Каралаевдин варианттарында тема да, идеялык багыт да, негизги окуялар да, сюжеттин өнүгүшү да бири бирине жакын, бирок эки манасчы ар бир окуяны өз сөздөрү менен, өзүлөрүнчө баяндашат. Анын үстүнө бир эле окуя бир манасчыда кыскача баяндалса, экинчисинде алда канча кеңири баяндалат: кыргыздардын жоодон чабылышы С. Орозбаковдо эскерүү иретинде гана кыска берилсе, С. Каралаев ал окуяга кеңири токтолот ж. б. Кээде бир эле окуя эки башка чечилген учурлар бар: С. Каралаевде Манас Чоң казат учурунда жарадар болуп үйүнө кайтып, ошол жараттан өлсө, С. Орозбаковдо жүрүштөн эсен-соо эле кайтып келип, өзү жокто элине кол салган жоо менен болгон согушта жарадар болуп, ошондон кайтыш болот; же Саякбай боюнча баатырга күмбөз Таласка салынса, Сагымбайдын вариантында күмбөз Баяндынын талаасындагы Кум-Арык деген жерге салынат. Булардан башка кээде бир вариантта бар окуя экинчисинде жолукпай, же чыгарманын жалпы сюжеттик өсүшүндө окуялар орун алмашып, ал турмак бир бөлүмдөн экинчи бөлүмгө көчүрүлүп айтылышы да учурайт: С. Каралаевде Манас жаш чагында буудай айдап, Аккуланы ошонун түшүмүнө сатып алат; бул окуя С. Орозбаковдо жок, тескерисинче, Сагымбайда Саякбайдын вариантында жолукпаган көптөгөн майда жана чоң эпизоддор кезигет; Көкөтөйдүн ашын Сагымбай биринчи бөлүмдө «Чоң казаттан» мурда айтса, Саякбай аны «Семетей» бөлүгүндө Толтойдун эскерүүсү катары айтат ж. б. Эпостогу бардык варианттарда бирдей бааланган оң каармандар тобун эл эркиндиги үчүн күрөшкөн баатырлар, терең акылы, чебер өнөрү, көптү билген даанышмандыгы менен белгилүү болгон адамдар түзөт. Башкы каарман - Манас. Ал - чексиз баатыр, жөн билги уюштуруучу, калыс, акылман жетекчи. Ошон үчүн ал элден чыккан эрлерди айланасына топтоп, элди уюштуруп, душмандарына каршы турат, чабылган-чачылган элдин башын кошуп, жоосун жеңип, мекенин баскынчылардан бошотот. Бирок бул зор маанилүү иште Манас жалгыз эмес, анын күчү элден чыккан жакын жардамчыларында, жалпы элге таянгандыгында. Эпосто акылман, жөн билги карыя Бакайдын, сарамжалдуу, чебер уз, терең акыл Каныкейдин, журт атасы атанган алп Кошойдун, билими, өнөрү менен таанылган Алмамбеттин, карандай күчтүн ээси Чубактын, жаш баатыр, эпчил Сыргактын, алтымыш түрдүү тил билген, чечен Ажыбайдын жана башка көп каармандардын образдары да терең иштелип чыгып, элестүү берилген. Терс каармандардан Коңурбай, Жолой, Ороңгу, Нескара, Эсенкандардын образдары да өзгөчө таасирлүү иштелген. «М.» - көркөм деңгээли бай мазмунуна тете келген өзгөчө таасирлүү күчкө ээ чыгарма. Анын таамай сүрөттөмөлөрү, бай көркөм сөз каражаттары кыргыз тилинин байлыгын, сүрөттөп берүү мүмкүнчүлүгү чексиз кенен экенин айгинелейт. «М-тын» чыгыш доору жөнүндө окумуштуулар арасында ар башка илимий жоромолдор айтылат. Мисалы, М. Ауэзов менен А. Н. Бернштам «М-ты» 7-9- к-да пайда болгон десе, В. Юнусалиев 9-11- к-да, ал эми В. М. Жирмунский 11-18-к-да пайда болгон дейт. Эгер «М-тын» чыгышына кыргыз элинин тарыхында чечүүчү кырдаал болгон кара кытайлардын чабуулу себеп деген Б. Юнусалиевдин пикирине таянсак, анда эпостун жашы бир миң жылга таяп барат. Бул багытта али такталып, жалпы кабыл алынган пикир жок. Бирок бир талашсыз чындык: «М.» көп катмарлуу окуялардан туруп, чыгарма болуп узак убакыттар аралыгында калыптанган. Ошондуктан анын сюжетин түзгөн окуялардан ар кайсы доорлордун изин, ар кайсы доорлорго таандык көз караш-түшүнүктөрдү байкайбыз. Андан ошондой эле мифол. түшүнүктөрдөн, фетишизм, шаманизм ишенимдеринен тартып, тарыхый окуяларга чейин, жөө жомоктук сюжеттерден эпикалык, эл, жер аттарынан чыныгы географиялык маалыматтарга чейин, элдин үршадат, жашоо тиричилигинин түрдүү учурларынын сүрөттөмөсүнөн тартып эпикалык салттарга чейин кеңири жолугат. Ошон үчүн бул эпосту илимдин ар кайсы тармагынын өкүлдөрү маанилүү булак катары кеңири пайдаланышууда. «М-тын» айрым чакан үзүндүлөрү француз, немис, англис тилдерине да которулуп жарык көргөн. Эпос боюнча аты уйкаш опера жазылган.
«М.» эпосунун тексттерин жазып алууда жана аларды изилдөөдө көптөгөн окумуштуулар, изилдөөчүлөр, жыйноочулар зор салым кошту. 20-к-да Д. Алмаши, К. Мифтаков, Ы. Абдрахманов, Э. Арабаев, Б. Солтоноев, П. Берков, К.
Тыныстанов, Е. Поливанов, А. Бернштам, В. Жирмунский, К. Карасаев, К. Жумабаев, Ж. Ырысов, Р. Кыдырбаева, С. Мусаев, Б. Токтогулов, А. Тайгүрөңов, С. Байсалов, М. Ауэзов, Б. Юнусалиев, К. Рахматуллин, С. Абрамзон, М. Богданова, А. Петросян, А. Инан, А. Хатто ж. б. зор салым кошсо, 20-к-дын 2-жарымында 3. Мамытбеков, Р. Кыдырбаева, С. Мусаев, М. Мамыров, Э. Абдылдаев, С. Бегалиев, А. Жайнакова, К. Кырбашев, Б. Исаков, Р. Сарыпбеков, И. Молдобаев, Ш. Акмолдоева ж. б. узак жылдар бою системалуу эмгектеништи. 21-к-да манас таануу илимине өз салымдарын кошуп, «Манас» эпосун жана манасчылардын чыгармачылык өнөрканасын, касиетин кийинки муундагы окумуштуулар: Ж. Орозобекова, А. Бакиров, Т. Бакчиев, С. Дүйшөнбиев ж. б. изилдеп жатышат.
КРдин Президентинин жарлыгы менен 1995-жылы «Манас» эпосунун 1000 жылдыгы белгиленди (к. «Манас» эпосунун миң жылдык салтанаты). «М.» эпосунун негизинде Манастын таалим-тарбиялык мааниси зор жети осуяты иштелип чыкты: 1. Эл-журттун ажырагыс бүтүндүгү жана бир жакадан баш, бир женден кол чыгарган ички биримдиги. 2. Улуттар аралык ынтымак, достук жана кызматташтык. 3. Улуттук ар-намыс жана атуулдук ариет. 4. Арыбас мээнет, алдынкы өнөр - билим аркылуу бакубат дөөлөткө умтулуу. 5. Айкөлдүк, кечиримдүүлүк, гумандуулук. 6. Табият менен таттуу мамиледе болуу. 7. Кыргыз мамлекеттүүлүгүн чыңдоо жана аны көздүн карегиндей сактоо. Ошол эле жылы БУУнун Генералдык Ассамблеясы тарабынан «Манас жылы» деп жарыяланган. Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу 2011-жылдын 28- июнунда КРдин Президенти тарабынан «“Манас” жөнүндө» мыйзамга кол коюлду. 2012-жылдын 27-январында КРдин Президентинин жарлыгы менен, кыргыз элинин мекенчилдигин күчөтүү максатында, бардык жогорку жана атайын орто окуу жайларынын окуу системасына Манас таануу окуу курсу киргизилди жана ушул эле жылы жалпы билим берүүчү мектеп окуучулары үчүн «М.» үчилтиги жарык көрдү (түз. Б. Жакиев, Д. Андашев). 2013-жылы 4-декабрда КР Жогорку Кеңешинин депутаты К. Самаковдун демилгеси менен «М.» үчилтиги ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурасынын тизмесине катталды. «М.» - эпосу өзүнүн көркөм-эстетикалык, саясий-идеялык, тарбиялык маанисин эч убакта жоготпой турган руханий кенч. Эпос кылымдар бою манасчылар тарабынан айтылып келген жана азыркы күндө да манасчылар аркылуу элге жетип отурат. Дүйнөдөгү башка элдердин элдик эпостору болгону менен алардын айтуучулары көп жылдар мурда эле өз жашоосун токтотуп койгон. Ал эми кыргыз элинин манасчылары бүгүнкү күндө да өз варианттарын жаратып, калын эл катмарына «М.» эпосунун мазмунун, идеясын жайылтып келүүдө. Башка дүйнө элдеринин эпосторуна салыштырмалуу кыргыз элинин баатырдык эпосу жандуу өмүр сүрүп келе жаткан тирүү эпос деп эсептелинет, к. Манас таануу, Манасчы, «Манас» эпосунун академиялык басылышы, «Манас» энциклопедиясы.
Ад.: Киргизский героический эпос «Манас» М., 1961; Мамытбеков 3., Абдылдаев Э. «Манас» эпосун изилдөөнүн кээ бир маселелери. Ф., 1966; Маргулан А. «Манас» - героический эпос киргизского народа. Ф., 1968; Поливанов Е. Д. Киргизский героический эпос «Манас». Фонд Сорос-Кыргызстан». 1999; «Манас» энциклопедиясы. 1—2-т. Б., 1995; Мусаев С. Манас таануу илиминин тарыхы. Б.. 2000; Кыргыз адабиятынын тарыхы. Б., 2002; 2004; Мамыров М. «Манас» эпосунун калыптаныш тарыхы. Б., 2005.
|С. Мусаев|, Т. Бакчиев.