МАМЫТОВ Миталип: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска
МАМЫТОВ Миталип (16. 12. 1939-жылы туулган, Ош обл., Ноокат району, Көк-Жар айылы) - нейрохирург, медицина илимдеринин доктору (1987), профессор (1989), КР УИАнын академиги (2006; корр. мүчөсү, 2000),

КРдин Эл Баатыры (2011). КММИни (1966), Ленинград нейрохирургия ИИИнин аспирантурасын (1971) бүтүргөн. КММИде ассистент (1972-76), доцент (1976-89). 1989-жылдан КММАнын невропотология жана нейрохирургия кафедрасында профессор, КММАда декан, проректор (1988-97), КРдин саламаттык сактоо министри (2002- 05), 2005-жылдан КММАныин нейрохирургия кафедрасынын башчысы, КРдин эмг. сиң. врачы (1989) жана илимге эмг. сиң. ишмер (1999) КРнын илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгы лауреаты (2011). Нью-Йорк ИАнын академиги (1999), Россия нейрохирургдар ассоциациясынын ардактуу мүчөсү (2002). Илимий эмг. мээнин шишиктерин хирургиялык жол менен дарылоого арналган. Нейрохирургия боюнча адис. 200дөн ашык илимий эмг., анын ичинде 4 монография, 7 ойлоп табуусу, 9 окуу куралы бар. III даражадагы Манас ордени, Даңк медалы, «Миллиондун бири» номинациясынын алтын медалы (2001) менен сыйланган.
Эмг.: Черепно-мозговая травма (клиника, диагностика и лечение). Б. 2001; Нейрохирургические проблемы мозговых инсультов. Б., 2002.