МАМЫРОВ Аманкан: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска

МАМЫРОВ Аманкан (1944-жылы туулган, Жалал-Абад обл., Токтогул району, Кетмен-Төбө айылы) - дый­кан, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1980). Кыргыз ССРи­нин Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты. Эмгек жолун 1964-жылдан Токтогул районундагы «Кетмен-Төбө» колхозунда катардагы колхозчу­дан баштаган, кийин 1983-жылы чейин жүгөрү өс­түрүү звеносунун башчысы, 1983-87-жылы «Кет­мен-Төбө» совхозунда парт­комдун секретары, 1987- жылдан талаачылык бри­гадасында бригадир. 1975- 80-жылы Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты. Онун­чу беш жылдыкта мыкты көрсөткүчтөргө жетишкен. Эки Ленин, Октябрь Рево­люциясы, Эмгек Кызыл Туу ордендери менен сыйланган.