МАМБЕТОВА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска

МАМБЕТОВА Насира Исмаиловна (2. 12. 1948- жылы туулган, Ысык-Көл обл., Жети-Өгүз району, Тамга айы­лы) - драма артисти, КРдин эл арт. (1992). 1972-жылы Москвадагы А. В. Луначарский атындагы театр искусствосу институтун бүткөн. 1972-94-жылы Ош кыргыз драма театрында иштеген. 1994-жылдан Б. Кыдыкеева атындагы Жаш кө­рүүчүлөр театрында эмгекте­нет. М. улуттук, дүйнөлүк, орус драматургдардын спек­таклдеринде.бир катар каар­мандардын образын түзүп, аларды кулк-мүнөзүн, ички дүйнөсүн чебер

ачып бере ал­ган. Негизги ролдору: Ак ба­ла (М. Ауэзов, «Каракөз»), Жаңыл Мырза (А.

Кутту­баев, К. Маликов, «Жаңыл Мырза»), Кадича, Сейде (Ч. Айтматов «Кызыл жоолук жалжа­лым», «Бетме-бет»), Багдагүл (Т. Абдымомунов, «Ашырбай»), Мадина (М. Карим, «Жөө Мах­муд»), Аял (М. Байжиев, «Акыркы рейс»), Гер­труда (У. Шекспир, «Отелло»), Комиссар (В. Виш­невский, «Оптимисттик трагедия»), Актриса (М. Гапаров, «Туздуу чөл») ж. б. М. киного да тартылган: Бекей (Б. Шамшиев, «Ак кеме»), Ка­дича (И. Поплавская, «Мен - Тянь-Шань») ж. б. Москва ш. өткөн Бүткүл союздук эл чыгармачылыгы­нын фестивалынын лауреаты (1987). Медалдар менен сыйланган.

Н. Мамбетова - Ка­дича. «Мен - Тянь­Шань» фильми.