МАЛАККА (жарым арал): нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 16:35 учурдагы нуска

МАЛАККА - Азиянын түштүк-чыгышындагы жа­рым арал. Индикытайдын түштүк бөлүгү. Уз.

1300 кмдей, аянты 190 миң км2дей. Түндүк бөлүгү Тайландга, түштүгү Малайзияга (Батыш Малай­зия) таандык. Батышынан Андаман деңизи, Малакка кысыгы, чыгышынан Түштүк Кытай де­ңизи жана анын Сиам булуңу менен чулганат. Түндүк чек арасы - Кра мойногу (кээде М-га Сиам булу­ңунун түндүк жээгине чейинки аймакты, Мьян­манын бир бөлүгүн да кошушат). Жарым арал­дын орто бөлүгү менен жапыз жана орто бийик тоо массивдери созулуп жатат; эң бийик жери 2187 м (Тахан чокусу). Тоолору бири-биринен обочоло­нуп жайгашып, чокулары жантайыңкы дого сы­мал, капталдары тик; чет-жакаларында дөбө­лүү түздүктөр, саздуу ойдуңдар бар. М-нын ай­магы Индикытай бүктөлүү түзүлүшүнүн Бир­ма-Малайя зонасына кирет. Калай, вольфрам, ошондой эле алтын, жез, темир, молибден, корго­шун, цинк, боксит, көмүр кендерине бай. Кли­маты түштүгүндө экватордук, түндүгүндө 1000- 2000 мм, тоолордо 4000 лглгге чейин жаан­чачын жаайт. Абанын температурасы түздүктөрдө жыл бою 25-27°С. М-нын аймагынын 3/4 бө­лүгүнө жакыны нымдуу тропиктик дайыма жашыл жыш токой (фикус, диптекарп, инд ба­ньяны, камфара дарагы, алп бамбук, эпифит­тер) менен капталган; жээктерин мангр токойло­ру ээлейт. Шалы, каучук алынуучу өсүмдүктөр, кокос пальмасынын плантациялары бар. М-да Малайзиянын борбору - Куала-Лумпур жай­гашкан.