МАРШАЛЛ АРАЛДАРЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 15:53 учурдагы нуска

МАРШАЛЛ АРАЛДАРЫ, М а р ш а л л Аралдары Республикасы (маршалл­ча Ао1ервп Аогфкш М,а]е1, англ. КериЬИс о£ 1Ье МагвЬаП 181аш1з) - Океаниядагы арал мамле­кет. Аты окшош архипелагда жайгашкан. Аян­ты 181,3 км.2. Калкы 67,2 миң (2011). Администрациялык-аймактык жактан 33 муниципалитетке бөлүнөт. Борбору -

Мажуро (Мажуро атоллунда жайгашкан; кал­кы 29,3 миң), шаар калкы 69,1% . Акча бирди­ги - АКШ доллары.

М. А. - БУУнун (1991), ЭВФтин (1992), Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү бан­кынын (1992), Тынч океан аралдары форуму­нун (1991; 2000-жылы чейин Түштүк Тынч океан

фо­руму), Тынч океан коомдоштугу секретариаты­нын (1991; 1999-жылы чейин Түштүк Тынч океан ко­миссиясы) мүчөсү.

М. А. - унитардык мамлекет. Конституция­сы 1979-жылы 1-январда кабыл алынган. Мамле­кет жана өкмөт башчысы - президент (4 жыл­га шайланат). Башкаруу формасы - аралаш республика. Мыйзам чыгаруу бийлиги - тө­мөнкү палатага таандык Жогорку палата 12 уруу башчысынан турган кеңеш берүүчү орган.

Өлкө анча чоң эмес 29 шуру атоллдорунда жана 5 шуру аралдарында (бардыгы 1150) жай­гашкан. Тынч океандын батыш бөлүгүндө Ра­так жана Ралик деген эки топту түзөт. Экватор­дон түндүктө, Микронезияда. Эң бийик жери 24 м, эң жапыз жери Тынч океандын жээгинде

Мажуро лагунасы.

(0 м). Эң ири атоллу - Кважалейн (97 аралдан турат, аянты 17 км2). Аралда фосфориттин кени бар. Океандын таманынан темир-марганец кон­крециясынын топтому табылган. Климаты ар­хипелагдын түндүгүндө тропиктик пассаттык, түштүгүндө субэкватордук. Жылдык жаан-ча­чыны 2000 жлгден (Түндүк а-нда) 4500 лглгге че­йин (түштүгүндө; майдан декабрга чейин жаайт). Абанын айлык орт. температурасы 26-33°С, жыл­дык орт. 28°С. Туруктуу суусу жана көлү жок. Өсүмдүктөрдүн 80ге жакын түрү кездешет. Ко­кос пальмасы, нан дарагы, банан, шуру лагу­наларында мангр өсүмдүктөрү отургузулган. Топурагынын күрдүүлүгү аз, нымды кармабайт. Арал жаныбарларга жакыр. Сүт эмүүчүлөрдүн 9 түрү (канат колдуулар, кемирүүчүлөр), жерде­сууда жашоочулар (жылан, кескелдириктер, өз­гөчө геккондор), бисса деңиз ташбакасы, жашыл таш бакалар, куштардын 106 түрү кездешет. Арал - канаттуулар базары. Жээгинде ба­лыктар (250дөн ашык түрү) быкылдайт. Коргоо­го алынган аймагы жок. Бикар жана Таонги (Бокак) атоллдору табигый экосистема деңиз жашыл таш бакасынын популяциясы сак­талган дүйнөдөгү бирден-бир аймак катары Бүткул дуйнөлук мурастын тизмесине кирги­зилген.

Калкын негизинен маршаллдыктар түзөт, ошондой эле америкалыктар (6,2%), филиппиндер, япондор, кытайлар ж. б. жашайт. Христиан (негизинен протестанттар), мусулман, иудей ди­нин тутат. Расмий тилдери - маршалл жана англис тилдери. Орт. жыштыгы 1 км2 жерге 370 киши. Калкынын жашынын орт. узактыгы: эр­кектериники - 69,8 жаш , аялдарыныкы - 73,9. Төрөлүүнүн деңгээли 1000 кишиге 29,1 бала. Өлүм-житим төмөн (ЮООге 4,4; балдардыкы ЮООге 23,7). Ири шаарлары: Мажуро (25,8 миң), Эбейе (9,6 миң).

Аралды 1529-жылы испан деңиз саякатчысы А. Сааведра ачкан. 1788-жылы англис Ж. Маршалл изилдеген. 19-к-дын башында орус деңиз сая­катчылары да бир нече майда аралдарды ачып, картага түшүрүшкөн. 17-к-дан 19-к-га чейин Испаниянын ээлиги болгон. 1885-жылы Германия, 1914-жылы Япония басып алган. 1920-жылы Улуттар лигасы аралды башкарууга Японияга мандат берген. 1945-жылы АКШга өткөн. 1947-жылы БУУнун чечими менен АКШнын опекага алынган аймагы болгон. Америка өкмөтү аралды аскер полиго­нуна айландырган. 1946-жылдан 1962-жылы чей­ин ядролук куралдарды сыноо жүргүзүлгөн (Би­кини жана Энивиток атоллдорунда). 1959-жыл­дан Кважалейн а. ракета полигону болгон. Арал 1990-жылы көз каранды эместикке ээ болгон.

М. А. - өнүгүп келе жаткан өлкө. Калкынын кирешеси төмөн ИДПнин көлөмү 133,5 миллион дол­лар (АКШ), аны киши башына бөлүштүргөндө 2,5 миң доллардан туура келет. Улуттук дүң про­дукциясы 115 миллион долларды (2004; АКШ) түзөт. Анын 32%и а. ч-га, 15%и ө. ж-га, 53%и тейлөө

Маршалл аралдарындагы аэродром.

чөйрөсүнө туура келет. Экономикасы АКШнын жардамына (бюджетинин 60% и) муктаж. Мамлекеттик бюджеттин 30% и Кважалейн атоллунун ижа­расынан, ошондой эле чет өлкөлүк соода кемелерине өзгөчө экономикалык зонада балык уулоого лицензия сатуудан, «ыңгайлуу желек» бергендеги каттоо жыйымдарынан түшөт. Балык кармоо жана жа­салма жол менен көбөйтүү, копра иштетүү (кокос майы, жмых) ишканалары иштейт. Кол өнөр­чүлүк менен (үлүлдөн, жыгачтан буюмдар жаса­шат) алектенет. Аралдын аймагынын 10% и иш­тетилет. Негизги товар өсүмдүгү - кокос паль­масы жана нан дарагы. Томат, коон, тропика же­миштери өстүрүлөт. Бодо мал, чочка асыралып, тоок багылат. Автомобиль жолунун узундугу 2000 км (анын ичинде асфальтталганы 75 км). Жалгыз деңиз порту - Мажуро. М. А-нын желеги менен 1381 кеме (анын ичинде 1284ү чет өлкөлүктөргө таандык) жүрөт. Экономикасынын негизин фосфат казып алуу, а. ч. жана балыкчылык түзөт. Сыртка фосфат, кокос майы, копра, балык, белек-бечкектер чы­гарылат. Сырттан азык-түлүк, тамеки, курулуш материалдары, машина жана анын жабдуулары, минералдык отун, химикаттарды алат. Негиз­ги сырткы соода шериктештери: АКШ, Япония, Австралия.

Билим берүү системасы - мектепке чейинки (3 жаштан 5 жашка чейин), милдеттүү 8 жыл­дык башталгыч (бдан 14кө чейин; мамлекеттик жана мамлекеттик эмес мектептер), орто (15тен 18ге чейин) жана атайын орто билим алуудан турат. Жогор­ку билимди Мажуродогу Түштүк Тынч океан университетинин кампусунан (1993) алышат. Калк китепканасы, улуттук архив, «Алеле» музейи бар. Мажуро атоллунда 1982-жылдан күн сайын гезит чыгат. Радио берүүлөрү жана телекөрсөтүү­лөрү англис жана жергиликтүү тилдерде көрсөтүлүп, ук­турулат.

Ад.: Маршалловы острова//Всё о странах мира. Ат­лас справочник. СПб., 2006; Маршалловы острова// Большая российская энциклопедия. Т. 19. М., 2012.

Р. Карачалова.