МАРКЕТИНГ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 15:53 учурдагы нуска
МАРКЕТИНГ (англ. marketing, market - рынок) - рынокто түзүлгөн ар кандай кырдаалды эсепке алып, монополиялык пайда табуу максатында жаңы продукция иштеп чыгаруу; товарды сатуу же к.ызмат көрсөтүү боюнча ири корпорациянын ишин башкаруу жана уюштуруу системаларынын бири. Ишкердиктин өндүрүүчүдөн керектөөчүгө товар жана тейлөө кызматтарын багыттаган бардык иш-чаралар жыйындысы. Алар - продукциянын ассортиментин пландоо, өндүрүлгөн продукцияга баа коюу, ташуу, дүң жана чекене соода, товар сактоо, аны кредитке берүү жана тейлөө кызматы, жарнама, М-дик изилдөөлөр ж. б. М-дин негизги иши - кардарчылыкты, баа түзүлүшүн изилдөө, сатууну күчөтүү, товар түрлөрүн пландаштыруу. М. экономикалык секторлорго ылайык товар керектөөчүлөрүнүн М-и, тейлөө кызматынын М-и, финансы М-и ж. б. түрлөргө бөлүнөт. М. кызматы рынокто ага тиешелүү позицияларды бекемдеп жана өндүрүлгөн продукцияны сатуу боюнча бардык ишчараларды камтыйт. Товарды өткөрүү - М-дин функцияларынын бири. М. рынокто кайсы товарга суроо талап көп экенин изилдеп, анын жыйынтыгы боюнча фирманын иш-чараларын пландаштырып, чечим кабыл алат. Рынокту комплекстүү изилдөө үч багытта - рыноктогу суроо-талапты изилдөө, продукциянын конкуренттүү түрүн жана тейлөө кызматтарын
аныктоо, товар сатуу ыкмаларын изилдөө. Товардын конкреттүү түрүн чекене соодалоо жана аны тейлөө - компания кызматкерлеринин негизги максаты. Рынокту изилдөө - өндүрүш фирмаларынын маанилүү маселеси. Калган багыттар жардамчы милдетти аткарат.
Ад.: Маршалл А. Принципы экономической науки. М., 1993; Николаева И. П. Экономический словарь. М., 2011; Б. Райзберг А., Лозовский Л. Ш. Словарь современных экономических терминов. М., 2009.