МАРИАНА АРАЛДАРЫ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 15:53 учурдагы нуска
МАРИАНА АРАЛДАРЫ - Тынч океандын борбордук бөлүгүнүн батышындагы аралдар тобу, Микронезияда. 15 ири (Гуам, Рота, Сайпан ж. б.) жана бир нече майда аралдан, рифтен турат. Аянты 1,1 миң км2ден ашык. Калкы 170 миндей (2005). Гуам а. - АКШнын ээлиги, калгандары Тынч океан аралдары менен бирге БУУнун көзөмөлүндө болуп, АКШ башкарат. Сайпан а-нда администрациялык борбору жана башкы порту - Хагатна (Аганья) жайгашкан. Аралдар жанартоо жана шуру рифтеринен пайда болгон. Аракеттеги жанартоолору да бар. Жер титирөө жана тайфун тез-тез болуп турат. Бийиктиги 965 ледей. Климаты тропиктик, пассаттык. Январдын орт. температурасы 20°С; июлдуку 27°С. Жылдык жаан-чачыны 1800-2100 мм. Тоолорунун түштүк жана чыгыш капталдарына дайыма жашыл тропик токою, түндүгүнө ксерофиттүү дан өсүмдүктөрү өсөт, бал камыш, кокос пальмасы, банан, пахта жана цитрус өсүмдүктөрү өстүрүлөт. М. а. 1521-жылы Ф. Магелан тарабынан ачылган. Испаниянын королу Филипп 1Унүн аялынын атынан аталган. Туризм өнүккөн.