МАРЕК ЫЛАҢЫ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 15:14 учурдагы нуска
МАРЕК ЫЛАҢЫ (МогЬиз Магек) - куштардын, көбүнчө тооктордун вирус пайда кылуучу өнөкөт ылаңы. Борбордук нерв системасына доо кеткендиктен, куштун канаты жана буттары шал болуп, көзүнүн түстүү челинин өңү өзгөрөт. Ылаңды биринчи жолу венгр окумуштуусу Марек 1907-жылы полиневрит деген ат менен жазган. Ылаң Кыргызстанда да кездешет. Ылаңцаткычы курамында ДНК бар Негревүхгиз £а111-2 вирусу. Сырткы чөйрөдө вирус 18-20°Сде активдүүлүгүн жоготот. Табигый шартта тооктор түркүмүндөгү куштардын бардык түрү ыландайт. Инфекция козгогучунун булагы - ылаңдуу куштар. Вирусту чымын-чиркейлер, кенелер, коңуздар ж. б. алып жүрөт. Ылаңдын букма (инкубациялык) мезгили 13-15 күнгө же андан да узакка созулат. Клиникалык белгилери боюнча үч формасы (нервдик, окулярдык, висцералдык) белгилүү. Диагнозу эпизоотол. маалыматтардын, клиникалык белгилердин, патанат. өзгөрүүлөрдүн, лабор. изилдөөнүн жана биол. сыноонун негизинде коюлат. Дарылоо натыйжа бербейт. Ылаңдап айыккан кушта стерилдүү эмес иммунитет пайда болот. Алдын алуу жана күрөшүүдө куш фермасында, инкубаторлордо ветеринариялык-санитариялык иштердин мааниси чоң. Ылаңдуу деп күмөн саналган куштар жок кылынат. Ылаң чыккан чарбага чектөө (карантин) коюлат. Тооккананын ичи-тышы, колдонулуучу жабдыктар тазаланат, жегич натрийдин 3%түү ысык эритмеси же болбосо 3%түү хлордуу акиташ менен дезинфекцияланат.
Д. Раимбеков.