МАОКЕ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 15:14 учурдагы нуска

МАОКЕ, Карлуу тоолор Жаңы Гвинея­нын батышында, негизинен Индонезиянын ай­магында. Узундугу 700 км, туурасы 150 км. Бийиктиги 4000-4500 м, эң бийик жери - Жая чокусу (би­йикт 5030 м-, Индонезиянын эң бийик жери). Батыштан чыгышка созулган Судирман жана Жаявижая кырка тоолорун да камтыйт. Гра­нит, гнейс, чет жакалары кумдук, акиташ теги, сланецтен турат. Тоонун 700 м бийиктигине че­йин нымдуу тропик токою, андан жогору да­йыма жашыл бук жана ийне жалбырактуу то­кой жана шалбаа кездешет. Кар, мөңгү бар. М. тоосунун аймагында Лоренц улуттук паркы­нын бир азы (аянты 2,5 миллион га, Түштүк-Чыгыш Азиянын аймагындагы эң ири коргоого алын­ган аймак) жайгашкан. Ал Бртгкул дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген.