МАНТУЯ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 15:53 учурдагы нуска

МАНТУЯ (итал. Mantova, латынча Mantua) - Италиянын түндүгүндөгү шаар. Ломбардия облусунда, Мантуя провинциясынын администрациялык борбо­ру. Шаардын тарыхый борбору Буткул дуйнөлук мурастын тизмесине киргизилген. Минчо д. Под-на куя бериштеги кенен салаада жайгаш­кан. Калкы 47,1 миң (2010; агломерациясы менен 100 минден ашык). Деңиз порту. Т. ж. түйүнү.

Шаар биздин заманга чейинки 6-к-да негизделген. Алгач 819- жылдагы документтерде эскерилет. Орто кылым­га таандык архитектура эстеликтери - роман ратон­дасы (11-к-дын 2-жарымы), муниципалдык ак сарайлар (13-кылым), собор бар.