МАНЖУР-КОРЕЙ ТООЛОРУ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 15:14 учурдагы нуска
МАНЖУР-КОРЕЙ ТООЛОРУ - Кытайдын түндүк- чыгышы менен Корей Элдик Демокр. Респ-нын (КЭДР) түндүгүндөгү жана Россиядагы (Приморье крайында, чыгыш тарамактары) тоо системасы. Узундугу 1500 км, туурасы 500 км. Уссури дарыясынын ортонку агымынын өрөөнүнөн Ляодунь жарым аралынын четине чейин созулат. Тоону Ялуцзян жана Тумыньцзян дарыясынын өрөөндөрү экиге - бийик Түндүк- Корей (эң бийик жери Пэктусан жанартоосундагы Байтоушань чокусу, бийиктиги 2750 я: КЭДРдин аймагында) жана жапыз Чыгыш Маньжур (бийиктиги 2106 м) тоолоруна бөлөт. Чыгыш Маньжур тоосу жарыш жаткан бир нече кырка тоолорду камтыйт. Алар дарыя өрөөндөрү жана тоо аралык ойдуңдар менен терең тилмеленген. Гранит, метаморфизмделген тектерден жана акиташтан түзүлгөн. Темир, алтын, жез, никель, вольфрам жана таш көмүр кендери бар. Климаты мелүүн муссондук. Кышы суук (ички бөлүгүндө катаал), январдын орт. температурасы -6°С...-22°С, жайы жылуу, июлдуку 18-24°С. Жазы жана ийне жалбырактуу токойлор улам бийиктеген сайын таш кайың, бал карагай, мамык чөп-эңилчектүү тундра жана альп шалбаасы менен алмашат. Биосфера резерваттары - Чанбайшань (Кытай) жана Пэктусан тоосу (КЭДР) уюштурулган.