«МАНАС» КАМЕРАЛЫК ОРКЕСТРИ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 15:14 учурдагы нуска
«МАНАС» КАМЕРАЛЫК ОРКЕСТРИ - «М.» к. о. 1999-жылы уюшулган. 2001-жылдан президенттик статусуна ээ. «М.» к. о-н КРдин эмг. сиң. арт., скрипкачы жана дирижёр Э. Асаналиев менен музыка таануучу Р. Сырдыбаева негиздеген. «М.» к. о-нин аркалаган вазийпасы расмий иш-чаралардын маданий бөлүмүнө катышуу менен катар, классикалык музыканы жайылтуу жана камералык музыканы аткаруу чеберчилигин өнүктүрүү болуп саналат. Оркестрде КРдин эмг. сиң. артисттери, респ. жана эл аралык конкурстардын лауреаттары, К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын бүтүрүүчүлөрү иштешет. Оркестр ата мекендик (СССРдин эл арт. С. Токтакунова, КРдин эл артисттери М. Бегалиев, Т. Жакшылыков, КРдин эмг. сиң. артист-

тери Н. Нышанов, С. Жумашев, Ч. Төрөбеков ж. б.) жана чет өлкөлүк (А. Тебенихин - Казакстан, В. Ослунд - Швеция, Ашу - АКШ, Г. Винишхофер - Австрия) композиторлор жана аткаруучулар менен кызматташат. Оркестрдин репертуарын бароккодон заманбап мезгилге чейинки доорлордогу композиторлордун чыгармалары түзөт. Көркөм жетекчиси жана дирижёру -
Э. Асаналиев.