МАНАС (дарыя, Индия): нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 15:53 учурдагы нуска
МАНАС — Индиянын түндүк-чыгышы менен Бутандагы (башталышы Кытайда) дарыя. Брахмапутранын оң куймасы. Узундугу 500 клгдей, алабынын аянты 38 миң км2дей. Гималай тоолорунан башталып, аны туурасынан кесип өтүп, төмөнкү агымында Бенгал түздүгү боюнча агат. Орт. чыгымы 2400 м3/секга жакын. Кар, мөңгү жана муссондук жамгыр сууларынан куралат. Жазында суусу толуп, ташкын тез-тез болуп турат. Сугатка пайдаланылат.