МАНАГУА: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 15:14 учурдагы нуска
МАНАГУА - Никарагуа Респ-нын борбору, шаар. Шаар айланасы менен өзүнчө администрациялык бирдикти - Манагуаулуттук округун түзөт (андагы
калктын саны 1,8 миллион). Тынч океандан 45 км. аралыкта, деңиз деңгээлинен 60 м бийиктикте, Манагуа көлүнүн жээгинде, тектоникалык депрессия зонасында (катуу жер титирөөлөр болуп турат) жайгашкан. Калкы 927,2 миң (2010). Панамерика шоссесиндеги ири жол тоому. Эл аралык аэропорту бар. Текстиль, тамак-аш, химиялык, булгаары-бут кийим, цемент, нефть ажыратуу ө. ж. ишканалары иштейт. М. - Борбордук Америкадагы илим менен билимдин түштүк борбору. Никарагуа ИА, 20дан ашык ЖОЖ, илимий коомдор, музейлер (анын ичинде Акауалинка - археол., революция ж. б.), улуттук архив, улуттук театр жана парк бар. Барокко стилиндеги Эстелик ак сарайы, муниципалдык собор сакталган. Калган курулуштары соңку мезгилге туура келип, бир кабаттуу; жер титирөөгө туруктуу имараттар салынган. М. испандар тарабынан 16-к-да негизделген. 1823- жылдан 1838-жылы чейин Борбордук Америка кошмо провинциясынын федерация курамына кирген. 1846-жылы шаар статусун алган. 1858-жылдан Никарагуанын борбору. Шаар бир нече жолу табигый кырсыктарга (1972-жылы жер титирөөдөн, 1998-жылы Митч ураганынан) учурап, кайра калыбына келтирилген.
