МАМЫТОВ Жумаш: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 15:53 учурдагы нуска
МАМЫТОВ Жумаш (5. 3. 1935, азыркы ЫсыкКөл обл., Жети-Өгүз району, Ичке-Булуң айылы - 11. 6. 2011, Каракол ш.) - тилчи, профессор (2000), филология илимдеринин доктору (2002), КР эл агартуусунун отличниги (1981). КМУну бүтүргөн (1958). Ак-Суу районундагы Кереге-Таш жети жылдык мектебинде мугалим (1959-60), 1960-жылдан КМУнун аспиранты, ОМПИде ага окутуучу, доцент, кафедра башчысы (1963-90), К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетйнин доценти, кафедра башчысы болуп иштеген (1990-2011). Илимий изилдөөлөрү кыргыз тилинин фонетикасы жана лексикологиясы, неологизмдер, адабий тил ж. б. тармактарга арналган. Ал «Кыргыз тилиндеги неологизмдер» (1966), «Көркөм чыгарманын тили» (1990), «Азыркы кыргыз тили: фонетика жана лексикология» (1999), «Эскирген сөздөр менен диалектизмдердин лингвостилистикасы» (2002), «Кыргыз тили» (2003) аттуу монография, окуу китептеринин жана ЮОдөн ашык илимий, методикалык макалалардын автору. «Манас» медалы менен сыйланган.