МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 15:14 учурдагы нуска
МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ - мамлекеттик органдардагы жана алардын аппараттарындагы ошол органдын иш-милдеттерин аткаруу боюнча белгиленген ыйгарым укуктары жана жоопкерчиликтери бар кызмат, мамлекеттик кызмат орду. М. к. органдары алтыга бөлүнөт: КР Президенти; КР Жогорку Кеңешинин (ЖК) депутаттык милдеттерин туруктуу негизде аткарып жаткан депутаттары; КР Конституциясы тарабынан белгиленген мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарын түздөнтүз аткаруу үчүн КР Конституциясы аркылуу аныкталган КР Президенти же КР ЖК тарабынан дайындалуучу же шайлануучу Премьер-министр, өкмөт мүчөлөрү, судьялар ж. б. кызматтар. 1) Биринчи, экинчи жана үчүнчү топтогу кызматтарды ээлеген адамдардын ыйгарым укуктарын аткарууну түздөн-түз камсыз кылуу үчүн дайындалган жардамчылар, кенешчилер ж. б.; 2) мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарын аткаруу жана камсыз кылуу үчүн белгиленген кызматтар; 3) мамлекеттик органдар тарабынан белгиленүүчү кызмат, кызмат өтөөнүн тартиби атайын мыйзамдар менен жөнгө салынуучу аскер кызматчылары, прокуратура, ички иштер, улуттук коопсуздук органдары, салык жана бажы инспекцияларынын кызматкерлери. М. комитетын негизги милдеттери төмөндөгүлөр: 1) КР Конституциясынын сакталышы, КР мыйзамдарынын, КР Президентинин жарлыктарынын, КР Өкмөтүнүн токтомдорунун жана КРдин башка нормативдикукуктук актыларынын ишке ашырылышын камсыз кылуу; 2) мамлекеттик органдардын чечимдерин даярдоо, кабыл алуу, аткаруу жана көзөмөлдөө; 3) мамлекеттин таламдарын коргоо, жеке жана юридикалык жактардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын ишке ашыруу үчүн шарттарды камсыз кылуу.