МАМЕЕВ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 15:14 учурдагы нуска
МАМЕЕВ Төлөгөн (12. 5. 1938-жылы туулган, азыркы Ош обл., Кара-Кулжа району, Шаркыратма айылы) - акын, котормочу, КРдин маданиятына эмг. сиң. ишмер (2000), Кыргыз эл акыны (2011). 1955-жылы
Оштогу педагогикалык окуу жайын, 1963-жылы КМУну бүтүргөн. 1955-57-жылы мектепте мугалим, 1957-58-жылы райондук «Коммунизм үчүн» гезитинин жооптуу секретары, 1963-65-жылы мектепте мугалим, 1965-70-жылы Өзгөн р-ндук «Октябрь Туусу» гезитинин жооптуу секретары, 1970-71-жылы респ. «Ленинчил жаш»,

1971-93-жылы «Кыргызстан маданияты» гезиттеринде поэзия секциясынын башчысы, 1994-96-жылы «Мурас» журналындаредактор, 1996-98-жылы саясий-коомдук «Мээнет» гезитинин башкы редактору болуп иштегенетикалык Чыгармачылыгы 1954-жылдан башталган. Ырлары Совет р-ндук «Коммунизм үчүн» гезитинде, 1958-жылы «Ала-Тоо» журналына жарыяланган. 1975-жылы «Ажайып дүйнө» ыр жыйнагы жарык көргөн. Ошондой эле «Жүрөктүн ыры» (1989), «Кызыл таң» (1983), «Менинжазым» (1981), «Атажурт ажары» (2000) ыр жыйнактарынын, очерк, фельетондордун автору. С. Есениндин, Ю. Лермонтовдун, Г. Лорканын, Абайдын чыгармаларын кыргыз тилине которгон. Бир катар ырлары орус, казак, өзбек, алтай ж. б. тилдерде жарык көргөн.