МАМЕДКУЛИЗАДЕ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 15:53 учурдагы нуска
МАМЕДКУЛИЗАДЕ Жалил (ылакап аты - М о лла Насреддин; 22. 2. 1866, Нахичевань-наАраксе - 4. 1. 1932, Баку) - азербайжан жазуучусу, коомдук ишмер. 1887-жылы Гори мугалимдер семинариясын бүткөн. 1898-жылы Ереванда, 1903-жылы Тбилисиде азербайжан тилинде чыкчу «Шарки рус» («Орус чыгышы») жана болыпевиктердин «Кавказский рабочий листок» гезиттеринде иштеген. Ал ошол эле учурда фельетончу катары да таанылган. 1905-жылы өз күчү менен басмакана ачып, «МоллаНасреддин» сатиралык журналын негиздеген жана чыгарган (1906-31). Мененин көрүнүктүү чыгармалары: «Эшектин жоголушу» (1936), «Почта жащиги» (1903), «Ирандагы конституция» (1906), «Курбан-Алибек» (1907), «Козу» 1914), «Молдо Фазл-Али» (1925), «Эки күйөө» (1927) ж. б. «Өлүктөр» (1909), «Жиндилердин жыйыны» (1936) деген комедияларында дин кызматкерлеринин жосунсуз жоруктарын ашкерелеген. «Кеманча» (1920) пьесасы армян жана азербайжан элдеринин достугуна арналган.
Ад.: Ибрагимов М. Великий демократ: азербайджанский писатель Д. Мамедкулизаде. Баку, 1988.