МАМБЕТАЛИЕВА: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 15:14 учурдагы нуска
МАМБЕТАЛИЕВА Гүлмира Сулаймановна (29. 1. 1956-жылы туулган, Фрунзе) - философ, саясат таануу илимдеринин доктору (2009), 1977-жылы КМУну бүткөн. 1978-79-жылы Г. Айтиев атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт музейинде улук илимий кызматкер, 1979- 84-жылы КММИде окутуучу, 1987-96-жылы К. И.-Скрябин атындагы КАЧИде улук окутуучу, 1996-2001-жылы КР УИАда илимий кызматкер, улук илимий кызматкер. 2001-жылдан Дипломатиялык академияда профессор Илим жана техника жаатындагы «Мустафа Кемаль (Ататурк)» эл аралык мээримдүүлүк фонду сыйлыгы лауреаты (2005). 70тен ашык илимий эмгектин автору.