МАЛЬТУСЧУЛУК: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 15:53 учурдагы нуска

МАЛЬТУСЧУЛУК - калайык тууралуу демогр. теория. 18-к-дын аягында англ. экономист Т. Р. Малътус түзгөн. Анын пикйри боюнча калк геометриялык прогрессия менен көбөйсө, жашоо каража­ты арифметикалык прогрессия менен өсөт. Эпидемия, со­гуш ж. б. кырсык аркылуу гана адам саны менен жашоо каражатын дал келтирүүгө болот. Ошондой эле Африка менен Азия өлкөлөрүндөгү калктын тез өсүшү адамзатка коркунуч туудурат имиш

де­генетикалык А. Пикок, К. Боулдинг жана У. Фогт (АКШ), Ф. Осборн (Улуу Британия), Г. Вутуль (Фран­ция) ж. б. неомальтусчулар өнүгүп жаткан өлкөлөрдөгү калктын тез өсүшү Мальтус теория­сын далилдейт деп ынандырууга аракеттенишет. Чындыгында бул өлкөлөрдө социалдык-экономикалык абалдын оңолушу, медициналык тейлөөнүн жакшыры­шы, натыйжада өлүм-житимдин азайышы азыр­кы демографияга шарт түзүп жатат. Демогра­фияны жөнгө салуу балдардын төрөлүшүн азай­туу менен эмес, комплекстуү жана прогрессчил со­циалдык-экономикалык кайра куруу, адам турмушун, эмгек шартын жакшыртуу аркылуу чечүү ке­рек. Бүгүнкү күнү өнүгүп жаткан мамлекеттерде­ги калктын тез өсүшү мезгил-мезгил менен М-тун модификациялык формаларынын кайра жан­данып турушуна түрткү берет жана М. теориясы классикалык экономикалык теориянын негизги курам­дык бөлүгү деп каралат.

Ад.: РябинЯ. И. Теории народонаселения. М., 1972; Медоуз Д. X., Медоуз Д. Л„ Рандерс И. За пределами роста. М., 1994.