МАЛ ЧАРБАСЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 15:53 учурдагы нуска

МАЛ ЧАРБАСЫ - а. ч. тармагы; калкты азык­түлүк (эт, сүт, май, жумуртка ж. б.), жеңил ө. ж-н сырьё (жүн, тери ж. б.) менен камсыз кы­латынча М. ч-нан тоют (сөөк уну), дары (гормон), органикалык жер семирткич (кык) да алынат. М. ч-нын өнүгүшү, анын продукттуулугу дыйканчылык­ка (талаачылыкка), жерди ургаалдуу пайда­ланууга тыгыз байланыштуу. М. ч-нын тар­мактары: жылкы чарбасы, кой чарбасы, уй чарбасы, төө чарбасы, эчки чарбасы, коён чар­басы, аары чарбасы, бугу чарбасы, ит чарбасы ж. б. М. ч. эң байыркы убакта жапайы жаны­барды колго үйүр алдырып, чарбалык керек­төөлөргө пайдалана баштаган кезден пайда болгон.

М. ч. зоотехния, өсүмдүк өстүрүүчүлүк илими­не тыгыз байланыштуу. М. ч. продукциясын алуу мал санын өстүрүүнүн жана анын продукттуу­лугун жогорулатуунун эсебинен көбөйтүлөт. Дүйнөдө малдын саны 1980-жылдардын башын­да: уй 1338,8 миллион, кой жана эчки 1529,7 миллион, чочко 761,1 миллион баш болгон. Кыргызстанда жер шар­тынын ыңгайлуулугуна байланыштуу М. ч. жакшы өнүгүп келген. Анда 1987-жылы 1161,0 миң уй, 10005,1 миң кой, 384,7 миң эчки, 293,4 мин жылкы, 387,6 миң чочко болгон. М. ч. турук­туу тоют базасын түзүү, малдын породаларын жакшыртуу, мал короо-сарайларын зоогигиена­лык талапка ылайык куруу, мал чарба жумуш­тарын механикалаштыруу, эмгекти уюштуруу формаларын, зоовет. тейлөө иштерин өркүндөтүү аркылуу өнүгөт. Өлкөдө малдын бОтан ашуун породасы чыгарылып, жергиликтүү аз продукттуу по­родалар жакшыртылган. Ала-тоо ую, олуя-ата ую, кыргыз жаңы жылкысы, кыргыз уяң жундуу кою, тянь-шань кою, алай кою сыяктуу мал по­родалары чыгарылган.