БИРЛИК (Түп районундагы кыштак): нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
(Айырма жок)

19 апрель 2024, саат 08:15 учурдагы нуска

БИРЛИК – Ысык-Көл облусунун Түп районундагы кыштак. Түп айыл округуна караштуу. Райондун борбору Түп кыштагынан 7 км чыгыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 198 км. Деӊиз деӊгээлинен 1636 м бийиктикте жайгашкан. Кыштак 1920-жылы негизделген. Калкы 1173 (2022); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, балабакча, китепкана бар.