МАССАЖ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 15:51 учурдагы нуска

МАССАЖ, (фр. тазза&е - ушалоо, укалоо), у к а л о о - дарылоо максатында атайын ыкма менен денеге же кандайдыр бир органга механикалык таа­сир этүү. М. лимфа, кан, ткань арасындагы суюктуктун айланышын күчөтөт, зат алмашууну жакшыртат. Теринин ийкемдүүлүгү, температурага жана механикалык таасирге туруктуулугу жогорулайт, бул­чуңдардын жыйрылуу функциясы, тонусу оңо­лот, байламталардын кыймылы күчөйт. М. жү­рөк-кан тамыр системасынын ишин жакшыр­тат, капиллярлар кеңейип, ткандардын кан менен камсыздалышы жакшырат, артерия жана вена канынын жүрүшүн жеңилдетет. Организм­дин жалпы абалы оңолуп, аз чарчайт. М. жал­пы (бүт дене укаланат) жана чектелген (дененин бир бөлүгү укаланат) болуп бөлүнөт. Ал кол менен, кээде аспаптар менен да жасалат. Жүрөк М-ы жүрөк токтоп калганда кишини тирилтүү ыкмасы болуп эсептелет. Операция убагында ачык жүрөккө түздөн-түз ыргактуу кысуу жаса­лып же биринчи жардам көрсөтүү максатында жүрөкту ыргактуу басуу менен жүргүзүлөт. Катуу кармаган сезгенүү процесстеринде, кан оорула­рында, тромбофлебитте, ириңдүү процесстер­де, тери ооруларында, туберкулёз кучөгөндө, зыяндуу шишикте М. жасалбайт. М-дын дары­лоочу, спорттук, гигиеналык жана косметикалык түрлөрү бар. Дарылоочу М. таяныч-кыймыл ап­паратын, муун ооруларын, травмасын, куяңды ж. б. комплекстүу дарылоодо, ошондой эле жүрөк-кан тамыр, дем алуу, нерв системасынын оорула­рында, зат алмашуу бузулганда ж. б. учурлар­да колдонулат. Спорттук М. чарчоону жоготуу жана күч-кубатты калыбына келтирүу үчүн пай­даланылат. Гигиеналык М. көбүнчө эртең ме­ненки гимнастика менен бирге жасалат. Ал орга­низмдин тонусун, ишке жөндөмдуүлүгүн, бул­чуңдардын күчүн жогорулатат, чарчаган орга­низмди тез калыбына келтирет.