МАРТЕН МЕШИ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 13:30 учурдагы нуска
МАРТЕН МЕШИ - чоюн жана болот сыныктарын кайра иштетип, белгилүү химиялык курамдагы жана сапаттагы болот эритүүчү жалындуу регенерациялык меш. Ал П. Мартендин ысмынан аталган. Алгачкы М. м. 1864-жылы Францияда жасалган. 250-300 глык же андан чоң көлөмдө курулат. М. мененин жумушчу бөлүгү шып, таман, алдынкы жана арткы капталдан турат. Ал жерде эритүү процесси жүргүзүлөт (к. сүрөт). Ага отун менен аба мештин оң жана сол капкактарынан жиберилет. М. мененин бардык элементтери отко чыдамдуу (туруктуу) материалдардан курулат. Материалдын тибине карата М. м. негиздик жана кычкыл болуп бөлүнөт. Негиздик М.м. магнезит, магнезит-хром, хром-магнезит кыштарынан жана магнезит порошогунан, ал эми к ы ч к ы л М. м. дипас кыш менен кварц кумунан тургузулат. М. мененде суюк (мазут) же газ (табигый, аралаш, генератор газы) отуну пайдаланылат. Аралаш (кокс жана домна газы) жана генератор газдары генераторлор аркылуу 1150°Сге чейин ысытылып, мештин жумушчу бөлүмүнө

жиберилет. Табигый газ жана мазут ысытылбай эле колдонулат. Температурасы 400-800°Сге жеткен жылуулук утилизатор-казандар аркылуу пайдаланылат. М. мененин өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн кычкылтекти колдонуу 20-к-дын 60-жылдарында регенератору жок эки ванналуу мештин жасалышына түрткү болду. Ири М. мененин жылдык өндүрүмдүүлүгү 0,5 миллион т.