МАРИНАДДОО: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 15:51 учурдагы нуска

МАРИНАДДОО (фр. mariner - туздуу сууга са­луу) - жашылча, мөмө-жемишти уксус кислотасын кошуп, консервалоо ыкмасы. М. үчүн уксус кислотасынын начар эритмеси пайдаланылат. Ма­ринадга кошулган туз (1-3%) жана татымалдар­дын курамындагы заттар (эфир майлары ж. б.) микроорганизмдердин өсүшүн басаңдатып, про­дукциянын узак сакталышына өбөлгө түзөт. Ук­сус кислотасынын концент-сына жараша жашыл­ча маринаддары ачуу (1,2-1,8%), кычкыл (0,6- 0,9%) жана бир аз кычкыл (0,4-0,6%) болуп айыр­маланат. Кийинки экөө жакшы сакталыш үчүн пастерленет. Көбүнчө бадыраң, томат, сабиз, кызылча, капуста, пияз, патисон ж. б. маринад­далат. Мөмө-жемиш маринаддары уксус кислота­сынын концент-сына жараша пастерленбеген (1,0-1,5%), пастерленген ачуу (0,6-0,9%), пас­терленген кычкыл-таттуу (0,2-0,6%) болуп айырмаланат. Майда сорттогу алма, алмурут, алча, кайналы, карагат, жүзүм маринаддалат. М. алдында жашылча, мөмө-жемиш жуулуп, сорттолуп, тазаланып, тууралып, бланширле­нип даярдалат.