МАНЬЕРЙЗМ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 13:30 учурдагы нуска

МАНЬЕРЙЗМ (итал. maniera - манера, стиль) - 16-к-да Европа искусствосундагы Бийик Кайра жаралуу доорунун гуманисттик маданиятынын кри­зие учурун камтыган агым. М-дин негизги эсте­тикалык критерийи табияттагы кубулушту өзүндөй сүрөттөө эмес, көркөм образдын «мане­раларынын» ыкмаларын формалдуу түрдө бир жактуу түшүндүргөн жана апыртып көрсөтүүгө негизделген. М. жашоого ренессанстык көркөм искусствону тартуулаган демокр. кыртышта өнүк­пөстөн, герцогдордун ак сарайларында, феодал­дык реакциячыл кырдаалда өнүккөн. Манье­ристтер кылыктанган, ыксыз кооздукка толгон, аша чапкан чыгармаларды түзүшкөн. Алар та-

Б. Челлини, «Пер­сей». 1545-53. Фло­ренция.

таал, тандагыч ракурстарды, жылан сымал ийилген фигураларды иштеп чыгууга өзгөчө көңүл бурушкан. Маньеристтердин портреттери аткарылыш техникасы боюнча бийик турат, би­рок мазмуну боюнча муздак, ачык-айкын эмес. Кайра жаралуу доорунун чеберлеринин, көбүнчө Микеланжело менен Рафаэлдин чыгармачылык прин­циптерин стилдик норма катары пайдаланга­ны менен, М. өкүлдөрү алардын гуманисттик идея­ларын бурмалашкан. М. адегенде Италияда, ки­йинчерээк Франция, Нидерланд искусствосунда өнүккөн.