МАНУ ЗАКОНДОРУ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 15:51 учурдагы нуска
МАНУ ЗАКОНДОРУ (санскритче манавадхармашастра) - индилердин жеке жана коомдук турмушун аныктаган байыркы диний-укуктук нормалар жыйнагы. Инди салты боюнча М. з-н мифтик адам ата Ману түзгөн деп эсептелет. М. з. санскрит тили менен ыр түрүндө жазылып, 12 бөлүмдөн турат. Чыгармада аалам, адам коому, катмарлар - варналардын пайда болушу, адам билим алып жаткан учурда кандай эрежелер менен жашаш керек, үй-бүлөлүү адамдын жашоо эрежелери, падышанын милдеттери жана мамлекетти башкаруу, сот иштерин жүргүзүү, ар кандай кылмыштарды жазалоо ж. б. жөнүндө байыркы индилердин көз караштары баяндалатынча Окумуштуулар Георг Бюлер биздин заманга чейинки 2 - биздин замандын 2-к-нда түзүлгөн деп эсептесе, Пандуранг Ваман Кане биздин заманга чейинки 2 - биздин замандын 1-к-нда, К. П. Жаясвала мындан да так маалыматты көрсөтүп, биздин заманга чейинки 150-120-жылы түзүлсө керек деген пикирлерин билдирет. М. з-ндагы негизги материал биздин заманга чейинки 4-2-к-дагы Маурьялар империясынын мезгилине таандык (бирок андан да мурдагылары бар). М. з. англис тилине 1794-жылы (котормочу Уильям Жонс), орус тилине 1913-жылы (котормочу С. Д. Эльманович) которулган. М. з. - Байыркы Индиянын социалдык-экономикалык тарыхын жана маданиятын изилдөөдө баалуу булак.