МАНСИЛЕР: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 15:51 учурдагы нуска
МАНСИЛЕР, вогулдар - РФтеги эл, Тюмень обл-ндагы Ханты-Манси автономия округунун жергиликтүү калкы. Обь дарыясынын сол жээгин (айрыкча Конда, Түндүк Сосьва өзөндөрүнүн куймасын, Берёзов шаарынын аймагын) мекендейт. Айрымдары Свердлов облусунда (түндүк-чыгышында) да жашайт. Саны 11,4 миң киши, анын ичинде 9,9 миңи Ханты-Манси автономиялуу округунда (2003). Манси жана орус тилдеринде сүйлөшөт. Динге ишенгендери - православныйлар. Биздин заманга чейинки 2-миң жылдыктын 2-жарымында Батыш Сибирь жана Түндүк Казакстан талааларынан жер ооп келгендер биздин замандын 1-мин жылдыгында Прикамья, Приуралья жана Түштүк Зауральянын жергиликтүү жана угор
уруулары менен аралашуусу М-дин этностук негизин түзсө керек. Ошондой эле биздин замандын 2-миң жылдыгынын 1-жарымы - 1-миң жылдыкта М-дин түпкү теги комилер жана Уралдын чыгышындагы орустар менен тыгыз карым-катнашта болгон. Негизги кесиби - аңчылык, балыкчылык, бугу асыроо. Аялдары - көйнөк, кенен тигилген сатин же нооту чапан, бугу терисинен жасалган тон, башына жоолук салынып, кооздуктарды колдонушат. Эркектер - көйнөк, ыштан, нооту же бугу терисинен капюшону менен туюк тигилген кийим кийишкен. Улуттук тамак-ашы негизинен балык, сүрсүгөн эт, жер-жемиш. 20-к-дын 20-30-жылдарынан кийин эл чарбасынын башка тармактары өнүккөн. Калктын 45% и шаарда жашап, ө. ж-да иштешет. Интеллигенция калыптанган. Түндүгүндө жана чыгышында М-дин салттуу маданияты жана тили сакталып калган.
