МАНН Генрих: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 15:51 учурдагы нуска
МАНН Генрих (27. 3. 1871, Любек - 12. 3. 1950, Калифорния штаты, Санта-Моника) - немис жазуучусу жана коомдук ишмер. Т. Манндын агасы. Берлин университетинде окуган. 1933-40-жылы антифашисттик эмиграцияда (Францияда) болгон. «Жыргал жерде» (1900), «Чын берилген» (1914),
«Кедейлер» (1917) романдарынын автору. «Жек көрүү» (1933), «Кайрат» (1939) жыйнактарында,

«Кылым баяны» (1946) мемуарында буржуазиялык коомду реалисттик мүнөздө сындап, фашизм мн согушту жек көргөнүн чагылдырат. «Падыша Генрих ГУнүн жаш чагы жана эр жеткен жылдары» (1935-38) экилтик романында «кылыччан гуманист» тарыхый процессти ишке ашыруучу күч катары көрсөтүлөт.
Чыг.: Сочинения. В 8 т. М., 1957-58.
Ад.: Знаменская Г. Н. Г. Манн. Критико-биографический очерк. М., 1971.