МАНЕЖ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 15:51 учурдагы нуска
МАНЕЖ (фр. manège) - 1) атты көндүрүү, атчан жүрүүгө үйрөтүү, ат спорт мелдештерин өткөрүү үчүн курулган чарчы аянт же тегерек имарат. М-дин таманына кум, таарынды же топурак төшөлөт. Үстү жабык тик бурчтуу М-дин жолунун узундугу 130 м, тегерегиники 100 м. Ауплү. М-дин жолу чымдуу, катуу топурактуу, кумдак келет. Азыр М. ипподромго жакын курулат; 2) цирк М-и - оюн көрсөтүлүүчү диаметри 13-14 м келген тегерек аянтча; 3) спорт М-и - гимнастика, жеңил атлетика жана спорт-оюндары боюнча мелдеш өткөрүү, ошондой эле машыгуу, окуу иштери үчүн курулган имарат; дене тарбия жана спорт окуу жай комплексинин бөлүгү. Ачык М. тегерек (160-250 м} жана түз (60-120 м) чуркоо жолу, узундукка, бийиктикке секирүү, ядро түртүү секторлору, волейбол, баскетбол аянттары, спортсмендер үчүн кошумча имараттары, кээде көрүүчүлөр үчүн орундар болот; 4) жаңыдан баса баштаган балдар үчүн жасалган жыгач тосмочо.